Кабар жана жарыялар

Ректор симпозиум тууралуу маалымат берди

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжы 18-октябрда Ош шаарында башталган симпозиумдун ачылышы тууралуу Манас фм радиосунун түз эфирине телефон аркылуу айтып берди.

Ректор менен телефондон байланышканыбызда ал мындай деди: “Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган 2019-жылды «Профессор Фуат Сезгинди эскерүү жылы» деп жарыялаган. Буга ылайык Кыргыз-Түрк «Манас» университети профессор Фуат Сезгиндин атын даңазалоо максатында бир топ иш-чараларды уюштурууну пландаштырган.

Бүгүн “Орто Азия аалымдарынын дүйнө илимине кошкон салымы” деген аталышта эл аралык симпозиумдун ачылышы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болгон Ош шаарында жогорку деңгээлде ѳтүп жатат. Бул жерде ѳтүп жаткандыгынын да мааниси бар, себеби, Ош - Азиядагы үч миң жылдык тарыхы бар, эң байыркы шаар болуп эсептелет”, - деп, түрк тилдүү мамлекеттерден бир топ илимпоз-окумуштуулар катышып жатканын айтып, сѳзүн мындайча улады:

«Ислам дүйнөсүнүн илимий жетишкендиктерин таанытууга жана аны келечек муундарга өткөрүп берүү үчүн зор эмгек жасаган илимпоз Фуат Сезгин бүт ѳмүрүн илимге арнап, жасаган иши менен ѳрнѳк боло алды. Фуат Сезгин мусулмандардын табылгалары дүйнөлүк ачылыштардын пайдубалын түзүп берген деген пикирди карманган. Ал ислам дүйнөсүнүн илимий ачылыштарын жөн гана дымактуу сөздөрү менен эмес, терең изилдөөлөрүнүн негизинде табылган факты-жүйөлөргө таянып далилдеп берген. Орто Азиядан чыккан окумуштуулардын эмгектерин да бийик даражага көтөрүп, дүйнөлүк коомчулукка тааныта алды. Орто кылымдагы чыгыштын жалпы маданият деңгээли ошол мезгилдеги батышка караганда өтө жогору болгон. Айрыкча орто кылымда Орто Азиянын илим-билими, маданияты гүлдөп өнүккөн. Орто кылымда дүйнөлүк илимдин өнүгүүсүнө баалуу жана бараандуу салым кошкон улуу ойчул-илимпоздор Аль-Фараби, Аль-Фергани, Аль-Хорезми, Бируни, Ибн Сина, Махмуд Кашгари, Ибн Рушди ж.б., дүйнөлүк атакка ээ болгон алп акындар Рудаки, Фирдоуси, Жусуп Баласагын, Омор Хаям, Низами, Навои, Насими ж.б. орто кылымда Орто Азиядан жанып турган жылдыздар болушкан. Биз профессор Фуат Сезгинге чексиз ыраазыбыз, биздин милдет анын ишин улантуу болуп саналат.

Биз бүгүн илим жана билим аркылуу чоң жетишкендиктерге жетише алаарыбыз мүмкүн экенин кѳрүп жатабыз. Иш-чаранын ачылышынан кийин симпозиум пленардык отурумдар менен улантылып, катышуучулар ѳз билдирүүлѳрүн жасашмакчы. Иш-чараны уюштурууга салым кошкондорго, ѳзгѳчѳ Медиа Манас бирикмесине ыраазычылык билдирем”.

Быйыл Кыргызстандын Бишкек менен Ош шаарларында да түрк аалымына арналган илимий конференциялар өткөрүлмөкчү. Орто Азия университеттеринин биримдигине мүчө болгон 60тан ашык жогорку окуу жайында да Фуат Сезгинди эскерүү жана таанытуу боюнча кызуу иш-аракеттер жүрүп жатат.

 Медиа Манас