Кабар жана жарыялар

Студенттер финалдык таймашка жолдомо алышты

2019-жылдын 19-октябрында жогорку окуу жайынын студенттери арасында эл аралык компьютердик программалоо боюнча (International Collegiate Programming Contest - ACM - Kyrgyzstan Subregion) Кыргызстандагы регионалдык туру болуп өттү. Аталган программалоо боюнча турнирге Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин инженердик жана табигый илимдер факультетинин студенттери да катышып, финалдык таймашка жолдомо алышты.

Турнирде инженердик факультетинин компьютердик инженерия бөлүмүнөн 8 команда, ал эми табигый илимдер факультетинин колдонмо математика жана информатика бөлүмүнөн 2 команда тандалып алынган.

Медиа Манас