Кабар жана жарыялар

Инженердик факультетине сыйлык берилди

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин инженердик факультетинин электроника жана электр инженерлиги бѳлүмүнүн башчысы, профессор ϴзгүл Салор-Дурна сыйлык алды.

Профессор Салор-Дурна АКШнын Балтимор шаарында 2019-жылдын 29-сентябрь жана 3-октябрь күндѳрү ѳткѳн «IEEE Industry Applications Society Annual Meeting» жыйынына катышып, «Deep Learning Based Harmonics and Interharmonics Pre-Detection Designed for Compensating Significantly Time-varying EAF Currents» деген темада доклад жасады.

Профессор Салор-Дурна 2018-жылы «IEEE Industry Applications Society Annual Meeting» жана доктарантурада билим алып жаткан студенти Эрхан Сезгин менен биргеликте жазган «Analysis of Power System Harmonic Subgroups of the Elektrik Arc Furnace Currents Based on a Hybrid Time-Frequency Analysis Method» деген иши үчүн «Meritorius Paper Award» сыйлыгына татыктуу болду. 

Медиа Манас