Кабар жана жарыялар

Жаңы түзүлгөн Студенттик кеңеш менен таанышуу жыйыны

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин жетекчилери жаңы шайланган Студенттик кеңеш менен таанышуу жыйынын өткөрдү. Жыйындан кийин Студенттик кеңештин жана клубдардын жаңы имаратынын ачылышы болду.

30-октябрь күнү Окумуштуулар кеңеши залында ѳткѳн жыйынга университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев жана ТР Президентинин башкы кеңешчиси жана КТМУнун Байкоочу кеңешинин мүчөсү Ялчын Топчу, Студенттер жана бүтүрүүчүлөр координаторлугу филиалынын кызматкерлери жана Студенттик кеңештин мүчөлөрү катышты.

Жыйындын ачылышында проректор, профессор Анварбек Мокеев болуп өткөн шайлоо жөнүндө маалымат берип, жаңы шайланган Студенттик кеңештин мүчөлөрүн тааныштырды.

Андан соң университеттин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев, “Алгач баарыңарды куттуктайм! Силер Кыргызстандагы эң сапаттуу университеттин Студенттик кеңеши болуп шайландыңар. Мындан улам силерде жоопкерчилик өтө жогору”,-деди.

Ал эми окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы өз сөзүндө: “Сиздерди чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Силер окуу жайыбыздагы студенттердин кандай болгонун бизге көрсөтүп жатасыңар. Бул себептен баса белгилеп айткым келет, силер биздин эң мыктыларыбыз болуп эсептелесиңер. Силер өзүңөргө өтө чоң жолду аманат кылып алдыңар жана бул ишиңерде университетибизге чоң жумуш жасайсыңар деп ишенем”,- деп билдирди.

Куттуктоо сѳздѳрүнѳн кийин 2019-2020-окуу жылындагы Студенттик кеңештин төрагасы Аскар Абдуакимов менен төрага орун басары Онур Кая бир жыл ичинде жасала турган иш-чаралар, пландар жана долбоорлор боюнча маалымат беришти.

Мындан сырткары Түркия Республикасынын Президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу:

“Президентибиз Режеп Тайип Эрдогандын атынан баарыңызга салам айтып, куттуктайм!  Сиздер буйруса баарынан мурда өзүңүздөргө, андан кийин үй-бүлөңүзгө, окуу жайыңызга, өлкөңүзгө жана Түрк дүйнөсүнө кызмат кылган жаштардан болосуңар. Өзүңөр билгендей Түрк дүйнөсүнүн чоң адамдарынын бири Гаспыралы Алинин айткан мындай сөзү бар: “Кайсыл ишти жасап жатсаң жаса, бирок ал ишти эң жакшы жасагандардан бол”. Андыктан баарыбыз ар бир ишибизде эң мыктысы болууга аракет кылалы”, - деген оюн айтты. 

Жыйындын соңунда Студенттик кеңештин мүчөлөрүнө университеттин төш белгилери тагылып, жаңы ачылган Студенттик кеңеш жана клубдардын имаратынын кызыл лентасы кесилди.

 Медиа Манас