Кабар жана жарыялар

Түркия Республикасынын негизделишине 96 жыл

28-октябрь күнү университетте Түркия Республикасынын негизделишинин 96 жылдыгы белгиленди.

Иш-чара курман болгондорго арналып 1 мүнөттүк эскерүү жана эки өлкөнүн улуттук гимндеринин жаңырышы менен ачылып, ага Түркия Республикасынын Президентинин кеңешчиси жана КТМУнун Текшерүү комиссиясынын мүчѳсү Ялчын Топчу, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат жана элчиликтин кеңешчилери, Түндүк Кипр Түрк Республикасынан Кыргызстандагы ѳкүлү Атынч Кескин, университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев,  ТИКАнын Бишкек координаторунун орун басары Фатих Абди Четин, Кыргызстандагы «Ахыска» түрк  ассоциациясынын башчысы Атамча Дурсунов, университеттин окутуучулары, студенттер жана медиа ѳкүлдѳрү катышты.

Иш-чаранын ачылышында окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы Түркия Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 96 жылдыгы менен куттуктап, Түркия мамлекетинин түзүлүшүнүн түптөлүшүнө Республиканын куруучусу Мустафа Кемаль Ататүрктүн орду чоң экендигин баса белгиледи:

«Дүйнөлүк тарыхтын фонунда байыркы түрк элинин орду чоң. Ѳлкѳбүз канчалаган тарыхый окуяларды башынан ѳткѳрдү. Учурунда оор абалдан ѳткѳн 96 жылдык тарыхы бар Түркия Республикасы бүгүн экономикасы боюнча дүйнѳдѳ 13-орунда турат”, - деп, ректор 1923-жылы 29-октябрь күнү Түркиянын улуу Межлисинде Мустафа Кемаль Ататүрктүн демилгеси менен мамлекетти башкаруу ыкмасы катары республикалык ыкма, башкача айтканда элдин эгемендикке ээ болуп, демократиялык жол менен өзүн өзү башкаруу ыкмасы тандалып алынгандыгы тууралуу айтып берди. 

“1934-35-жылдары Түркиянын улуу лидери Мустафа Кемаль Ататүрк Совет мезгили ыдыраган кез келет, ошондо анын аймагындагы жашаган боордошторуңар менен бирге болгула. Муктаж болгон бир туугандарыңарга кол сунууга даяр болгула деп айтканы бар. Анын кѳрѳгѳчтүгү ушунда экен эки ѳлкѳ ортосунда Кыргыз-Түрк “Манас” университети түзүлүп, бүгүнкү күнү ал максаттуу долбоордун жемишин бирге кѳрүп жатабыз. Андыктан “Манас” университетинин курулушу Ататүрктүн айтып кеткен керээздеринин бири десек жаңылышпайбыз. Эмесе, баарыңыздарды Түркия Республикасынын курулушунун 96 жылдык майрамы менен куттуктайм жана Түрк дүйнөсү бекем, күчтүү боло беришин тилейм, ар дайым бар бололу, бир бололу!”.

Биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев: «Мындан 30 жыл мурда Кыргызстанда орток университет куруу, түрк тилдүү өлкөлөрдүн жаштарына били берүү жана түрк элдеринин майрамдарын бирге майрамдоо эч кимдин оюна келген эмес.

Миң жылдык тарыхы бар түрк эли акыркы 100 жыл ичинде Түркия Республикасын  куруп, соңку 40 жыл ичинде бир канча оор кырдаалды башынан ѳткѳргѳнүнѳ карабастан, аз убакытта ѳнүгүүгѳ жетишкен ѳлкѳ катары таанылды. Баарыбызга маалым болгондой эле Түркия Республикасы экономикалык кризиске учурап, террорчулук менен күрѳшкѳн биринчи жана жалгыз ѳлкѳ. Ошондой эле 90-жылдары эгемендүүлүккѳ ээ болгон түрк тилдүү мамлекеттерди биринчилерден болуп тааныган жана достук мамилесин куруп, материалдык жана моралдык жактан жардам кѳрсѳтүп келген.

Түркиянын демилгеси менен түрк тилдүү өлкөлөрдүн башын бириктирген ТҮРКСОЙ, ТҮРКПА, Түрк Кеңеши сыяктуу уюмдар түзүлдү. Түркия 21-кылымда, өзгөчө акыркы 20 жылда оор кырдаалды башынан ѳткѳрдү. Анын бири 2016-жылы болгон төңкөрүш. Элдин ынтымагынын аркасында тынчтык орноп, Түркия эл аралык аренада абройлуу өлкө боло алды. Мындан тышкары түштүк чек арасында болуп жаткан торрор маселеси жалгыз Түркияга эмес, жалпы түрк элдерине тиешелүү. Бүгүнкү күнү материалдык болбосо да, руханий жактан коргоо биздин милдетибиз деп эсептейм.

            Түрк элинин Батыштан ѳзгѳчѳлүгү жаштарга билим берүүгѳ ѳзгѳчѳ кѳңүл буруусунда. Андыктан, биздин милдет келечек жаштарды эмгекке үйрөтүп, татыктуу билим жана туура багыт берүүбүз шарт», - деп Түркия Республикасын Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады.

Түркия Республикасынын Президентинин башкы кеңешчиси Ялчын Топчу:

«Президентибиз Режеп Тайип Эрдогандын атынан баарыңызга салам айтып, Түркия Республикасынын негизделишинин 96 жылдыгы менен куттуктайм! Ар бир күнүбүз ийгиликтүү, келечегибиз жаркын болсун! Эбегейсиз чоң Түрк дүйнөсү бололу. Аракетибиз жана пикирибиз бир болсун.

Түркия мамлекетинин түзүлүшүнүн түптөлүшүнө Мустафа Кемаль Ататүрктүн орду чоң. Тарыхта болуп келген жана учурда да Түрк мамлекетине каршы чыккандар жок эмес. Мисалга террорчулук маселесин алсак болот. Түркия бул көйгөй менен күрѳшкѳн жалгыз өлкө болуп саналат. Ѳлкѳбүздѳ, жергебизде, ата журтубуз Кыргызсанда ар дайым тынчтык, бейпилдик жана ортобузда бекем ынтымак болсун!».

Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат ѳз сѳзүндѳ: «Бүгүн, 1923-жылы түзүлгѳн Түркия Республикасынын Эгемендүүлүк  майрамын куттуктап отурабыз. Биз ар дайым эркиндик  жана боштондук үчүн күрѳшүп келгенбиз. Эгемендүүлүк майрамы менен чын жүрѳктѳн куттуктайм,- деди.

 

Медиа Манас