Кабар жана жарыялар

Ветеринар кесибин тандагандар ак халат кийишти

Ветеринария факультетинде “Кесиптик ак халат кийгизүү” аземи өттү.

2019-жылдын 31-октябрында ветеринария факультетинин жыл сайын өтүүчү “Кесиптик ак халат кийгизүү” аземи болуп өттү.

Бул иш-чара онунчу жолу өтүп, ага университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев, Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтүнѳ караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан Мира Искенбаева, Айыл-чарба министрлигинин ѳкүлү Жылдыз Орозбаев, Кыргыз улуттук айыл-чарба университетиндеги Ветеринария факультетинин деканы профессор Бекболсун Акназаров жана окутуучулары профессор Рысбек Бегалиев, доцент Замира Садыбакасова, доцент Сүйүн Абдыкалыкова, КРнын «Ветеринардык палата мекемесинин»  директору Кубатбек  Маматкулов, университеттин окутуучулары, студенттер жана алардын ата-энелери катышты.

Эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырган соң иш-чаранын башталышында университеттин таанытуу фильми көрсөтүлдү. Андан соң окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы сөз сүйлөп: «Ветеринария факультети университетибиздеги эң престиждүү факультеттердин бири. Бүгүнкү күнү “Ветеринария” эң керектүү, актуалдуу кесиптердин бири болуп саналат. Учурда университетте Орто Азияда эле эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги заманбап, алдыңкы технологиялык жабыктар менен курулуп жаткан ветеринария факультети келечекте мыкты адистерди тарбиялоого көмөкчү болот деген ишенимдебиз. Ѳзүңѳрдүн кесибиңерди сүйүп, татыктуу адис болууга умтулгула”, - деп, кесиптик ак халатын кийип жаткан студенттерге ийгилик каалады.

Ветеринария факультетинин деканынын орун басары, профессор Үмит Гүрбүз ѳз сѳзүндѳ университеттин билим берүү системасы эл аралык деңгээлде жана кадрлары Түркия жана Кыргызстандын эң мыкты мугалимдеринен түзүлгѳндүгүн баса белгиледи.

КРнын “Ветеринардык палата” мекемесинин директору Кубатбек Маматкулов ветеринария Кыргызстан үчүн өтө маанилүү илим тармагы экендигин баса белгилеп, ветеринардык кесипти тандап келген студенттерди куттуктады.

Ошондой эле студенттердин ата-энелери да куттуктоо сѳздѳрүн сүйлѳп, каалоо-тилектерин билдиришти. Андан соң иш-чара факультеттин студенттери тарабынан даярдалган концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Медиа Манас