Кабар жана жарыялар

Коммуникация факультетинде жаны окуу жылы салтанаттуу ачылды

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетинде 2019-2020-окуу жылынын ачылыш аземи болуп өттү.

Иш-чара 2019-жылдын 6-ноябрында факультеттин кино залында ѳтүп, ага университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев, окутуучулар жана студенттер катышты.

Эки өлкөнүн мамлекеттик гимндеринин жаңырышы менен башталган иш-чарада коммуникация факультетинин таанытуу тасмасы көрсөтүлдү.

Алгач коммуникация факультетинин деканы Хамза Чакыр сѳз сүйлөп,  медианын коомдогу демократия жана экономиканын өнүгүүсүнө кошкон салымы чоң экендигин белгиледи: «Азыркы массалык байланыш аркылуу маалыматтардын ыкчам тарап жаткан доорунда ийгиликке жетиш үчүн бир гана маалыматты кабыл алуу менен чектелбестен, аны башкарганды жана таанытканды билишибиз керек. Канчалык көп күч жумшасаңүр, медиада ошончолук алдыда болосуңар. Ошонну менен бирге ар кандай маалыматка ээ болуу менен эл менен иштешкенди жана технологиянын да тилин билишиңер керек. Факультетте бардык шарттар түзүлгөн, андыктан окуу жылдарыңарды текке кетирбей, туура пайдалана билгиле”, - деп, иш-чараны ачып берди

Ал эми университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы кыргыз элинин улуу жазуучусу Ч. Айтматов: “Адамга эң кыйыны күн сайын адам болуу”, - деп айткандай, бул жашоодо адамга биринчи кезекте эле адам болуу маанилүү. Адамдык касиетиңерди жогорулатып, татыктуу инсан болгула. Түрк дүйнөсүнүн келечеги - үй-бүлөсүн, мамлекетин жана эли-журтун сүйгөн патриот жаштардын колунда. Манастын бүтүрүүчүлөрү алар окууну аяктагандан кийин дагы жылуу мамилесин жоготпой, Түрк тилдүү мамлекеттердин ынтымагын жана биримдигин бекемдеп жүрүшү керек.

Медиа чөйрөсүндө билим алган студенттер диплом алуу менен эле чектелбестен, ар тараптан өнүгүп, баарынан маалым болуп туруулары керек. Кесиптик жашоого ишенимдүү кадам таштап, келечекке болгон жолуңар кене болсун », - деп окуу жылынын ийгиликтүү болушун каалады.

Ошондой эле биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев ѳз сѳзүндѳ коммуникация факультетинин студенттери үчүн мүмкүнчүлүктѳр жогору экенин баса белгилеп, студенттерди ар тараптан билимдүү болууга чакырды.

Андан кийин радио-телевидение жана кино бөлүмүнүн ага окутуучусу Артыкбай Сүйүндүков «Кыргызстан жана Түркиянын телевидениеси» деген темада лекция окуду.

Иш-чара студенттердин коммуникация факультетинин бүтүрүүчүлѳрү менен баарлашуусу жана факультетинин бөлүм башчылары менен таанышуусу менен жыйынтыкталды.

Медиа Манас