Кабар жана жарыялар

«Үмүт» кино форумунан үч сыйлык

Кыргызстанда 6-8-ноябрь күндөрү КМШ өлкөлөрүнүн жаштары катышкан эл аралык VII «Үмүт» кино форуму болуп өттү. Бул жылы кинофестиваль белгилүү актёр Сүймөнкул Чокморовдун 80 жылдыгына арналды.

Бул фестиваль КМШ өлкөлөр арасындагы кино жана маданият тармагындагы диалог аркылуу таланттуу жаштарды колдоп, аларга шарт түзүүгө жана жаш муундарды маданий аралык алака аркылуу бириктирүү максатын кѳздѳйт.

Аталган фестивалда КТМУнун коммуникация факультетинин студенттери  байгелүү орундарга ээ болушту. Алар: улуттук категория боюнча Айдана Топчубаеванын «Аяна» фильми «Мыкты көркөм-документалдык кыска метраждуу тасма» номинациясын жеңип алды. Ошондой эле «Калыстардын атайын сыйлыгы» наамына Айназ Турдуматованын «Узак» фильми, ал эми Мустай Карим ассоциациясынын атайын сыйлыгына Адилет Бактыбековдун «Карачалы» аттуу кыска метраждуу тасмасы татыктуу болду.

Ал эми сынактын эл аралык бөлүгүндө мыкты тасма деп азербайжандык режиссёр Орхан Агазаденин «Отургучтар» фильми аталды.

Медиа Манас