Кабар жана жарыялар

Студенттер олимпиадада ийгиликке жетишти

КТМУнун гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн студенттери алгачкы жолу уюштурулган республикалык олимпиадада 1-орунга татыктуу болушту.       

        

Үстүбүзѳгү жылдын 19-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин «2019-жыл Региондорду ѳнүктүрүү жана ѳлкѳнү санариптештирүү жылы» жарлыгына карата И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультети Ата Мекендин жана Дүйнөнүн тарыхын окутуунун стратегиялык баалуулуктарын жогорулатуу максатында уюштурган тарых багытында билим алып жатышкан студенттердин Олимпиадасы болуп өттү. Белгилей кетүүчү нерсе эгемендүү Кыргызстанда Тарых боюнча студенттердин Олимпиадасы алгачкы жолу өткөрүлдү.

Жыйынтыгында доц.м.а Зухра Алтымышова жетектеген тарых бөлүмүнүн студенттери: Асылкан Абдыкадыр кызы, Жанона Шамшиева, Шераалы Бекташов жана Исламидин Нурдинов 635 балл менен 1-орунга ээ болушту.

Медиа Манас