Кабар жана жарыялар

“Бир дүйнө” фестивалы: «Аяна» тасмасы - «эң мыкты фильм»

15-ноябрда «Бир Дүйнө - Кыргызстан-2019» даректүү тасмалардын XIII эл аралык фестивалы соңуна чыкты. Бул фестивалда коммуникация факультети байгелүү орунга, тагыраагы журналистика бѳлүмүнүн студенти Айдана Топчубаеванын «Аяна» аттуу документалдык тасмасы «эң мыкты фильм» сыйлыгына ээ болду.

 «Бир Дүйнө - Кыргызстан-2019» фестивалына АКШдан, Россиядан, Швейцариядан, Афганистандан, Австриядан, Финляндиядан, Сербиядан, Испаниядан, Түркиядан, Канададан, Польшадан, Грузиядан, Германиядан, Франциядан, Италиядан, Нидерландыдан, Япониядан жана Кыргызстандан 22 даректүү тасма катышты. 

Эске салсак, быйылкы жылы “Бир Дүйнө” фестивалы Туруктуу өнүгүү максаттарына жана “Балдардын добуштары жана алардын бирдей катышуусу” чакырыгы алдында баланын укуктары боюнча БУУнун Конвенциясынын 30 жылдыгына арналды.

Медиа Манас