Кабар жана жарыялар

Семинар: «Билим берүү жана жаңы технологиялар»

Үстүбүздѳгү жылдын 31-октябрында «Билим берүү жана жаңы технологиялар» деген аталышта семинар болуп ѳттү. 

Аталган илимий иш-чара ДААД жана Ерасмус алмашуу программаларынын уюштуруусу менен Германиянын Дрезден техникалык университети, Лейпциг чакан бизнести колдоо жана билим берүү программасынын институту, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана Кыргыз-Түрк «Манас» университети менен биргеликте 28-октябрь - 1-ноябрь күндѳрү И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде ѳткѳрүлдү. Конференцияга Индоннезия, Шри-Ланка, Таджикистан, Ѳзбекстан, Кыргызстан жана башка ондон ашык ѳлкѳдѳн 70ге жакын катышуучу катышты.

Конференциянын бешинчи күнү тажрыйба алмашуу максатында КТМУда ѳтүп, анда инженердик факультетинин компьютердик инженерия бѳлүмүнүн окутуучусу, доц.м.а Рита Исмаилова жана Германиянын Дрезден техникалык университетинин тамак-аш кафедрасынын башчысы, докт. Жамийла Сманалиева баяндама жасап, иш тажрыйбалары менен бѳлүштү.

Бул эл аралык илимий конференция 2 багытта: биринчиси - педагогика багытындагы докторанттар, ал эми экинчи бѳлүгү магистратура программасынын студенттери үчүн «Тамак-аш багытындагы адистерди даярдоодогу проблемалар, педагогика багытындагы маселелерди талкууга коюу» деген темада ѳтүп, кесиптик жактан адистикке даярдоо, илимий изилдѳѳлѳрдү жүргүзүү, билим берүүнү эффективдүү колдонуу жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу деген маселелердин тегерегинде талкуулар жүрдү деп билдирди Германиянын Дрезден техникалык университетинде тамак-аш кафедрасынын башчысы, докт. Жамийла Сманалиева.

Медиа Манас