Кабар жана жарыялар

Ататүрктүн айтканы келди

2019-жылдын 11-ноябрында КТМУда Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн дүйнөдөн кайтышынын 81 жылдыгына арналган эскерүү жыйыны болуп өттү.

Иш -чара эртең менен Бишкектеги «Ататүрк» атындагы эс алуу паркында Мустафа Кемал Ататүрктүн эстелигинин астына гүл коюу менен башталган.

Жыйынга окуу жайыбыздын жетекчилиги, Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрү, окуу жайдын жалпы жамааты, студенттер жана медиа өкүлдөрү катышты.

Жыйын эки өлкөнүн улуттук гимндери жана Ататүрктүн жаркын элесине бир мүнөттүк таазим кылуу менен башталды.

Иш-чарада Ататүрктүн экономика, саясат, Борбор Азия тууралуу ойлору жана анын ишмердүүлүгү тууралуу баяндамалар окулду.

Иш-чаранын ачылыш сөзүндө университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы Ататүрктүн бейнесине жана түрк дүйнөсүнүн келечегине токтолуп, “Манас” университетинин түрк дүйнөсүндөгү орду чоң экендигин баса белгиледи:

“1934-35-жылдары Түркиянын улуу лидери Мустафа Кемаль Ататүрк Орто Азия элдери жөнүндө өз мезгилинде минтип айтканы бар: «Орто Азия элдери биздин боордоштор, мезгил келет, алар эркиндикке жетишкенде биз жардам беришибиз парз. Биз буга даяр болушубуз керек». Анын кѳрѳгѳчтүгү ушунда экен эки ѳлкѳ ортосунда Кыргыз-Түрк “Манас” университети түзүлүп, бүгүнкү күнү ал максаттуу долбоордун жемишин бирге кѳрүп жатабыз. Андыктан “Манас” университетинин курулушу Ататүрктүн айтып кеткен керээздеринин бири десек жаңылышпайбыз. 25 жыл ынтымак-ырашкерликтин ичинде биз түрк дүйнѳсүнүн келечеги болгон жаштарга татыктуу билим берип, үлгү кѳрсѳтүп келе жатабыз. Мындан ары да Ататүрктүн айткандарын эсибизден чыгарбай жалпы түрк дүйнѳсүнүн жаркын келечеги үчүн тынымсыз кызмат кыла бермекчибиз”, - деп айтты.

Окуу жайдын биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев өз сөзүндө Мустафа Кемал Ататүрк мыкты сапаттары менен түрк элинин тарыхында аты алтын тамагалар менен жазылып калганын баса белгиледи:

«Мустафа Кемал Ататүрк ХХ кылымдын эң улуу инсаны катары таанылганы белгилүү. Чынында да Ататүрк ошондой улуу лидер болгон. Ал ѳзүнүн 57 жылдык ѳмүрүндѳ Түрк Республикасынын Президенти катары өлкөнүн коомдук-саясий, социалдык-экономикалык маданий турмушунун өзгөрүшү үчүн зор иштерди жасаган. Түркия мамлекетинин түзүлүшүнүн түптөлүшүндѳ анын эмгеги опол тоодой. Бүгүн 96 жылдык тарыхы бар Түркия Республикасы ѳнүккѳн 20 ѳлкѳнүн катарын толуктап, экономикасы боюнча дүйнѳдѳ 13-орунда турат. Ошондой эле анын демилгесинин арты менен түрк тилдүү өлкөлөрдүн башын бириктирген ТҮРКСОЙ, ТҮРКПА, Түрк Кеңеши сыяктуу уюмдар да түзүлдү. Биз анын айткан накыл сөздөрүн эсибезден чыгарбай, ынтымактуу жана бирдиктүү бололу», - деди.

Ачылыш сѳздѳрүнѳн кийин иш-чара пленардык жыйын менен улантылып, ага гуманитардык факультетинин чыгыш тилдер бөлүмүнүн профессору Замира Дербишева модератордук кылды. Анда доц.м.а Жунус Ганиев «Ата Түрктүн экономикалык кѳз карашы жана Измир экономикалык конгресси» жана доц.м.а. Тезжан Абасыз «Эгемендик  жана экономика» деген темада баяндама жасашты.

Медиа Манас