Кабар жана жарыялар

2019-2020-окуу жылы үчүн профессор окутуучуларды жана ага окутуучуларды Кабыл алуу жөнүндө кулактандыруусу

Факультети Бөлүмү/Программасы Кызматы Талаптар Саны
Экономика жана башкаруу факультети Финансы жана кредит доцент Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү. 1
Менеджмент ага окутуучу Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Менеджмент багыты боюнча илимий даражасы болушу керек.
1
Ветеринария факультети Ветеринария (гистология жана эмбриология) доценттин м.а. Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Ветеринардык гистология жана эмбриология багыты боюнча илимий даражасы болушу керек.
1
Дене тарбия жана спорт жогорку мектеби Дене тарбия жана спорт ага окутуучу Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Баскетболдун теориясы жана практикасы боюнча тажрыйбалуу болуу.
Чет тилин билүү талабы коюлбайт.
1
ага окутуучу Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Гандболдун теориясы жана практикасы боюнча тажрыйбалуу болуу.
Чет тилин билүү талабы коюлбайт.
1
Кесиптик жогорку мектеп Офис менеджменти жана жетекчинин ассистенти доценттин м.а. Университеттин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп берүү;
Менеджмент багыты боюнча илимий даражасы болушу керек. 
1
Арыздар кулактандыруу чыккан күндөн тарта 15 (он беш) күндүн ичинде (03-17 декабрь, 2019) КТМУнун кадрлар башкармалыгында кабыл алынат. Электрондук дарек же почта аркылуу жиберилген арыздар белгиленген мөөнөттөн кечигип келген учурда кадрлар башкармалыгы жооптуу болбойт. Арыздарды кабыл алуу учурунда Кыргызстандын жергиликтүү иш убактысы эске алынат. Конкурстун жыйынтыгын кадрлар башкармалыгынан сурап билсеңиз болот.
Талап кылынган документтер:
Профессор окутуучу кызмат орду үчүн: Арыз, өмүр баян, жогорку билимин жана илимий даражасын  тастыктаган дипломдор (нотариус тарабынан тастыкталган), илимий эмгектердин тизмеси, паспорттун көчүрмөсү, 1 даана сүрөт (3Х4), соттолбогондугу тууралуу маалымкат.
Ага окутуучу кызмат орду үчүн: Арыз, өмүр баян, жогорку билимин жана илимий даражасын тастыктаган дипломдор (нотариус тарабынан тастыкталган), жарыяланган макалалардын тизмеси, паспорттун көчүрмөсү, 1 даана сүрөт (3Х4), соттолбогондугу тууралуу маалымкат.
Дареги: Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Жал кичи району, 30/42, кадрлар башкармалыгы (112-каб.)
Электрондук дарек :  Этот адрес электронной почты защищен от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.
Байланыш телефондору: 00996 (0312) 49 27 81-82 факс: 0096 (312) 54 39 35
Эскертүү: Талапкерлердин документтери "Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доценттин милдетин аткаруучу, доцент, профессор наамын берүү жана аларды дайындоо боюнча нускамасынын" жана "КТМУнун ага окутуучу, окутуучу жана адистерди тандоо жана дайындоо жөнүндө жобосунун" (http://manas.edu.kg/index.php/tr/ktmu-emevzuat)  негизинде каралат. Талапкердин жараны болгон өлкөнүн мамлекеттик же расмий тили/тилдери чет тили катары эсептелбейт.