Кабар жана жарыялар

КТМУга 2000 китеп белекке берилди

Үстүбүзѳгү жылдын 21-ноябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетине 2000 китеп белекке берилди.

Мындай белекти Түркиянын илимий жана адабий чыгарма ээлери кесиптик бирикмеси Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги жана Түркия кызматташуу жана өнүктүрүү агенттигинин башкармалыгынын (ТИКА) колдоосу "Түрк дүйнөсүнүн китепканаларына китеп белекке берүү" долбоорунун алкагында тапшырды. 

Иш-чарага Түркиянын Бишкектеги элчилигинин ѳкүлү Нури Шимшеклер, КТМУнун биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев, Түркиянын илимий жана адабий чыгарма ээлери кесиптик бирикмесинин төрагасы Мехмет Нури Пармаксыз, аталган бирикменин Азербайджандагы өкүлү Хейал Рза, ТИКАнын Бишкектеги координаторунун орун басары Фатих Абди Четин, университеттин окутуучулары, студенттер жана басма сөз өкүлдөрү катышты.

Бул боюнча окуу жайдын биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев ѳз сѳзүндѳ Кыргызстандын ЖОЖдоруна, улуттук китепканага жана анын ичинде КТМУга да заманбап жазуучулардын чыгармалары камтылган китептердин белек катары берилиши өлкөлөр ортосундагы мамилени андан ары дагы бекемдейт деп билдирди.

Ал эми Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин ѳкүлү Нури Шимшеклер китепканада китептердин көп түрдүүлүгү чоң мааниге ээ деди.

ТИКАнын Бишкектеги координаторлугунун ѳкүлү Фатих Абди Четин бул долбоордун алкагында жүргүзүлгөн иштерге токтолуп, мындай деди:

«КТМУга жаңы китептер белек катары берилди. Кыргызстан боюнча 13 ЖОЖго, жалпысынан 10 миң китеп тапшыруу каралган, анын 2000и КТМУга, ал эми 4500ү А.Осмонов атындагы Улуттук китепканага жана калган 3500 китеп башка окуу жайларга бөлүштүрүлөт».

Иш-чара алкагында Түркиянын илимий жана адабий чыгарма ээлери кесиптик бирикмесинин төрагасы Мехмет Нури Пармаксыз «Китеп – бул бекем көпүрө» деген аталышта баяндама жасап, китепке сый жана аяр мамиле жасоону кѳрсѳтүү керектигин баса белгиледи.

Медиа Манас