Кабар жана жарыялар

Мугалимдер күнү белгиленди

2019-жылдын 24-ноябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде Түркия Республикасынын Мугалимдер күнүнө карата уюштурулган майрамдык кече болуп өттү. Кечеге  университет жетекчилери, окутуучулар жана студенттер катышты.

Университеттин окуу иштери боюнча проректору, профессор Анварбек Мокеев ардактуу кесип ээлерин куттуктап, мугалимдердин коомдогу ордун жана эмгегин белгиледи.

«Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестиндеги Дүйшѳн канча деген кыйынчылыктарга карабастан, ѳз ишине бекем туруп, калкты сабатсыздыктан арылтуу үчүн болгон аракетин жумшаган. Чынында мугалимдик кесип - өтө түйшүктүү жана ошол эле учурда ардактуу, анткени мугалимдер ѳз ѳмүрүн балдарды тарбиялоого, ѳлкѳнүн келечегине арнайт. Ары түйшүктүү, ары жооптуу кызматты аркалаган кесиптик  майрамыңыздар кут болсун!»,- деди проректор.

Андан кийин чет тилдер жогорку мектебинин мүдүрү Женгиз Буйар Түркия Республикасынын түзүүчүсү Мустафа Кемал Ататүрк 24-ноябрды мугалимдер күнү деп жарыялаганын айтып: «Мугалимдин жумушу ѳтѳ оор жана жоопкерчиликтүү. Сиздер биздин келечегибиз болгон жаштарды даярдап, аларга татыктуу билим берип, келечекке салым кошуп жатасыздар. Сиздердин эмгегиңиздер баа жеткис!», - деп мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Куттуктоо сѳздѳрүнѳн кийин «Мугалимдерге таазим» аталышындагы видео-ролик көрсөтүлдү жана КТМУнун ийгиликтүү студенттери «Карыбек Молдобаевдин стипендиясы» менен сыйланды.

Быйыл стипендияга: айыл-чарба факультетинин ѳсүмдүктөрдү коргоо бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Бермет Исаева, инженердик факультетинин прикладдык математика жана информатика бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Асель Нурланбек кызы жана экономика жана башкаруу факультетинин эл аралык мамилелер бөлүмүнүн 3-курсунун студенти Алина Мамбетсеитова татыктуу болушту.

Майрамдык кече аталган окуу жайдын студенттери тарабынан даярдалган концерттик программа менен коштолду.

        Медиа Манас