Кабар жана жарыялар

Фестивалда КТМУнун фильмдери кѳрсѳтүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 13-декабрында Ч.Айтматов атындагы кино үйүндө 4-ирет өткѳрүлүп жаткан «Түрк дүйнөсүнүн даректүү тасмалары» фестивалында байгелүү орунду алган жеңүүчүлөрдүн фильмдери көрсөтүлдү.

Аталган фестиваль Түркия мамлекетинин Маданият жана туризм, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрликтеринин колдоосу менен уюштурулуп, Түрк дүйнөсүнүн Журналисттер федерациясынын жетекчилиги алдында өткөрүлдү. Иш-чарага өлкөнүн алдыңкы режиссерлору, элчиликтин өкүлдөрү, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин жетекчилери, окутуучулар, радио-телевидение жана кино бөлүмүнүн студенттери, кино сүйүүчүлөр ошондой эле медиа өкүлдөрү катышты.

Фестивалдын алкагында байгелүү орундарды алган тасмалар көрсөтүлдү. Алдыңкы орундарга тѳмѳнкү тасмалар ээ болду: ТRT-Аваз каналынын «Ахмед Жавад: бир мамлекеттин руху», КТМУнун «Көч», андан сырткары «Журтумдун кайгысы».

Түрк дүйнөсү журналисттер федерациясынын башчысы Мендерес Демир иш-чаранын ачылыш сѳзүндѳ аталган фестиваль 12-декабрь залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнѳ дал келип ѳтүп жатканына кубанычта экенин билдирип, мындан мурун биринчи жолу фестивалдын алгачкы жеңүүчүсү режиссер Артыкбай Сүйүндүков менен Стамбулбек Мамбеталиевдин «Көч» тасмасы, андан кийинки экинчи азербайжандык режиссердун «Мамлекеттин Руху», ал эми үчүнчү Ахыска түрктөрүнүн оор жашоосун чагылдырган «Журтумдун кайгысы» тасмалары болгонун айтып, фестивалдын ишине колдоо көрсөтүп келе жаткан режиссер Садык Шер Ниязга жана КТМУнун жетекчилигине ыраазычылыгын билдирди.

Андан кийин КР ЖК депутаты, режиссер Садык Шернияз бүгүнкү күндѳ даректүү тасмалардын мааниси жана маңызы чоң болуп жатканын баса белгилеп: «Фантастикалык тасмаларга караганда даректүү тасмалар маанилүүрөөк деп саналат. Себеби, даректүү тасмаларда калктын жашоо-турмушу, абалы, келечеги чагылдырылат, тасмалар аркылуу бири-бирибизди таанып билүүгө дагы жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт», - деп фестивалдын ишине ийгилик каалады.

КТМУнун ага окутуучусу, режиссер Артыкбай Сүйүндүков даректүү тасмалардын маанисине токтолду: «Жаштардын Түрк дүйнөсүнүн тарыхын, келечегин чагылдырган даректүү тасмаларды тартып жатканы жакшы кѳрүнүш. Себеби, мындай тасмалар аркылуу мамлекеттер ортосундагы маданиятты жакындаштыруу мүмкүн. Ошондой эле тасма аркылуу алар өздөрүнүн ортосундагы окшоштуктарды да көрө алышат», - деп, жыл сайын даректүү тасмалардын көрүүчүлөрү көбөйүп жаткандыгын айтты.

TRT-Аваз каналынын координатору Седат Сагыркая «Ахмед Жавад: бир мамлекеттин руху» тасмасында улуу ойчул Ахмед Жаваддын өмүр баяны баяндалып, анын түрк элине жасаган, эли-жери үчүн күрѳшкѳн эрдиги сүрѳттѳлгѳнүн айтып, тасмада жалпы түрк эли тууралуу маалыматтар да камтылгандыгын кошумчалады.

 Режиссер Стамбулбек Мамбеталиев ѳз сѳзүндѳ КТМУнун колдоосу менен 2012-жылы тартылган «Көч» тасмасына болгон кызыгуулар жыл сайын өсүп жатканын кубануу менен билдирди. «Бул тасма фестивалга эң алгач катышкан жана эң алгач биринчиликти багындырган тасма. Тасма 2012-жылы тартылган жана ошол жылы фестивалга катышып, биринчиликти багындырган. Ошол күндөн бери бул тасма көпчүлүк тарабынан жактырылып, кайрадан фестивалда көрсөтүлүүдө. Албетте, бул бизди кубандырат», - деди.

Медиа Манас