Кабар жана жарыялар

Жаш режиссерлордун фестивалдагы ийгиликтери

Радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн студенттери кинофестивалдарда алдыңкы сыйлыктарга татыды.

Үстүбүздѳгү жылдын 14-15-ноябрь күндѳрү Түркиянын Газиантеп шаарында  университеттер арасында ѳткѳн «Алтын баклава» кинофестивалында Аят Бакаеванын «Үчѳѳ» аттуу тасмасы “Эң мыкты даректүү фильм” сыйлыгына ээ болду. Фильмдин кѳркѳм жетекчиси: ага окутуучу Стамбулбек Мамбеталиев.

 Аталган фестивалга 24 өлкөдөн 200дѳн ашык фильм ат салышкан. Алардын ичинен 11 тасма мыкты деп табылган.

Ошондой эле 12-15-декабрь күндѳрү Бишкекте ѳткѳн 9-Эл аралык «Кыргызтан – кыска метраждуу тасмалардын ѳлкѳсү» фестивалында радио, телевидение жана кино бѳлүмүнүн студенти Жанузак Мамытовдун «Салт» аттуу тасмасы «Мыкты тасма» сыйлыгын жеңип алды. Кѳркѳм жетекчиси: Стамбулбек Мамбеталиев. Ошол эле бѳлүмдүн студенти Гүлнара Айтмаматованын «Ата-Журт» аттуу фильми «Кѳрүүчүлѳрдүн сүймѳнчүгүнѳ арзыган байгеге» татыды. Кѳркѳм жетекчиси: ага окутуучу Молдосейит Мамбетакунов.

Медиа Манас