Кабар жана жарыялар

Түрк элинин элдик ырлары жанырды

Университетте  Түрк элинин жүрөгүнөн түнөк тапкан элдик ырлар жаңырды.

Көркөм өнөр факультетинин Музыкалык искусство бөлүмү  жана Түрк дүйнөсүнүн оркестри тарабынан уюштурулган «Түрк элинин ырлары» аттуу ыр кечеси болуп өттү. Түрк элинин керемет чыгармаларынын жандуу аткарылышы менен башталган концерттик программа “Манас Фм” радиосунда түз жаңырып турду.

Кечеде түрк элинин жүрөгүнөн түнөк тапкан Озан Пир Султан Абдал, Еркан Кетенжи, Каражоглан жана Нида Түфекчинин керемет чыгармалары ар кыл аспаптардын коштоосунда жандуу аткарылды.

Программанын соңунда университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы концерттик программанын уюштуруучулары Фатих Эренлер жана Нежип Йылгынды жана башка аткаруучуларды куттуктап, ыраазычылык билдирди.

Кеченин жүрүшү Media Manas каналынын Facebook жана Youtube тармактарында да түз байланыш аркылуу берилди.

Медиа Манас