Кабар жана жарыялар

Камкорчулар кеӊешинин жыйыны өттү

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде Камкорчулар кеңешинин жыйыны ѳттү.

2019-окуу жылынын Камкорчулар кеңешинин жыйыны үстүбүздѳгү жылдын 26-декабрында ректорат имаратында өтүп, ага Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Камкорчулар Кеңешинин мүчөлөрү: Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү комитетинин аткаруу кеңешинин мүчөсү, профессор Мехмет Шишман, Түркия Республикасынын Чанаккале онсегизинчи март университетинин ректору, профессор Седат Мурат, Камкорчулар кеңешинин катчысы Фехми Йылмаз, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун атынан статс-катчы Жапаркул Ташиев жана Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун атынан Билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейирманова жана КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев катышты.

Жыйындын жүрүшүндѳ Камкорчулар кеңешинин тѳрагасы, Түркия Республикасынын Президентинин Аппаратынын Коммуникациялар департаментинин башчысы Фахреттин Алтун Анкара шаарынан түз байланышка чыкты.

Жыйында КТМУ академиялык окуу иштеринин отчету, университеттин 2020-жылга карата бюджет планы жана Камкорчулар кеңешинин башкармалыгы үчүн Анкара уюмун уюштуруу боюнча  маселелер каралды.

Медиа Манас