Кабар жана жарыялар

Ректор менен студенттердин жолугушуусу уланууда

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жетекчилиги студенттер менен жолугушуу иштерин көркөм өнөр жана теология факультетинин студенттери менен улантты.

Жолугушуу үстүбүздөгү жылдын 19-декабрында ректораттын жыйындар залында ѳтүп, ага университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев катышты.

Иш-чарада университеттин таанытым тасмасы, ошондой эле теология жана көркөм өнөр факультеттеринин бүтүрүүчүлөрүнүн жетишкендиктери жөнүндө тасмалар көрсөтүлдү.

Жыйында университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы менен биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев жаштарга университет тарабынан түзүлгѳн мүмкүнчүлүктѳрдү туура пайдаланып, талыкпай эмгектенүүгѳ жана терең билимге ээ болуу менен бирге чыныгы адеп-ахлактуу, адамгерчиликтүү адам болууга чакырды. Окууну бүткөндөн кийин студенттерди олуттуу бир конкуренциялык чөйрө күтүп тураарын эске салып,  өз чөйрөңөрдүн жана кесибиңердин татыктуу инсаны болушуңар керек деген оюн билдиришти.

Жолугушуунун соңунда студенттер университет жетекчилерине ѳздѳрү кызыктырган суроолорун беришип, жооп алышты.

Медиа Манас