Кабар жана жарыялар

“Профессор Фуат Сезгин жылына” арналган конкурстун жеңүүчүлѳрү аныкталды

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган тарабынан 2019-жыл “Профессор Фуат Сезгин жылы” деп жарыялаган. Анын урматына Кыргыз-Түрк “Манас” университети да Фуат Сезгинди эскерүү жылына байланыштуу бир катар иш-чара, семинар, конференция жана конкурстар уюштурган.

Буга байланыштуу студенттер арасында макала, дилбаян, сүрѳт боюнча конкурс жарыяланган. Конкурстун жеңүүчүѳрүн сыйлоо иш-чарасы 24-декабрь күнү ректоранттын Окумуштуулар Кенешинин жыйындар залында өтүп, ага университеттин жетекчилери, кызматкерлер жана сыйлыкка ээ болгон студенттер катышты.

Окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы: “Илим-билимге, технологияга өзгөчө мээнет кылган адамдарды ашыгы менен эскерүү биздин милдетибиз. Илим өтө маанилүү жана олуттуулукту талап кылат. Эч качан илим менен жүргөн адамдар, бул жолду тайбоосу керек. Биз үчүн өтө кымбат болгон агайыбызды эскерүү бир жыл жетишсиз. Фуат Сезгин агайыбыз өлүм алдында турган учурда дагы иштеп турган. Түркиядан кийин Кыргызстанда анын ичинде биздин университетте эң көп ага байланышкан эскерүү иш-чаралары ѳткѳрүлдү. Ошондой эле атайын конкурс дагы жарыялаганбыз. Бул конкурста жеңишке жеткен ар бириңерди куттуктайм. Мындан ары дагы көптөгөн ийгиликтерге жетишиңерди каалайм”, - деди.

Конкурстун алкагында жеңишке ээ болгондор:
Ибарат Амангелдиев (Сүрөт)
Надежда Нагорная (Сүрөт)
Нурсултан Абдиалиев (Сүрөт)
Өмер Фарук Караман (Макала)
Ахмет Жан Демир( Макала)
Бекжан Курманбеков ( Эссе)
Гүлсүм Демиржи (Эссе)
Аселя Кушбакова (Эссе)

Конкурстун жеңүүчүлѳрүнѳ атайын сертификаттар жана сыйлыктар тапшырылды. Бардык  жеңүүчүлөр Стамбул шаарына саякаттоого жолдомо алышты. Мындан сырткары  1-орунга  IPad, 2-3-орундун жеңүүчүлөрүнө смартфон белекке берилди. Ошондой эле иш-чараларды уюштурууда салымын кошкондорго да ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Медиа Манас