Кабар жана жарыялар

Ага окутуучу Б.Орунбеков Билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер наамына татыды

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин журналистика бөлүмүнүн ага окутуучусу, саясий илимдеринин кандидаты Бакытбек Орунбековго КР Президентинин Жарлыгы менен “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наам берилди.

Мамлекеттик сыйлык КР Президентинин 2019-жылдын 30-декабрындагы № 184-Жарлыгы менен Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, ошондой эле кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн ыйгарылды.

КТМУнун жалпы жамааты Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкери Бакытбек Орунбековду мамлекеттик сыйлыгы менен кызуу куттуктайт жана ишине ийгилик каалайт.

MEDIAMANAS

KG: http://mediamanas.kg/lang-ky/3431-lef-retim-grevlisine-cumhurbakanl-madalyas-verildi.html

RU: http://mediamanas.kg/3431-lef-retim-grevlisine-cumhurbakanl-madalyas-verildi.html