Кабар жана жарыялар

Коммуникация факультетинде жалпы ата-энелер чогулушу ѳттү

Коммуникация факультети «Ата-энелер комитети» менен биргеликте жалпы чогулуш өткөрдү.

Жыйналыш үстүбүздөгү жылдын 19-декабрында коммуникация факультетинин кино залында уюштурулуп, ага университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев да катышты.

Жыйында эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырып, университеттин таанытуу тасмасы көрсөтүлдү. Андан соң «Ата-энелер комитетинин» мүчөлөрүнө окуу жайдын Жогорку даражадагы төш белгилери ыйгарылды.

Коммуникация факультетинин деканы, профессор Хамза Чакыр ѳз сѳзүндѳ ата-энелерди окуу жайынын ээлери катары таанытып, кандай гана маселелер жаралбасын алардын ой-пикирлерин билүү университет үчүн маанилүү экендигин баса белгиледи.

Ал эми ректор Себахаттин Балжы «Манас» университети 25 жыл ичинде Эл аралык деңгээлге чыгып, бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң мыкты окуу жайларынын катарын толуктап тургандыгын айтып келип, учурда КТМУнун бүтүрүүчүлѳрү дүйнөнүн 43 өлкөсүндө ийгиликтүү иштеп, айрымдары ѳз ишкерчилигин жүргүзүшүп жаткандыгын кошумчалады.

Биринчи проректор Асылбек Кулмырзаев университет ар дайым студенттерге колдоо көрсөтөѳрүн жана алардын эң мыкты деңгээлде билим алуулары үчүн шарт түзүп берип жаткандыгын баса белгиледи.

Чогулуштун жүрүшүндѳ окуу жайдын алдыңкы студенттери Мактоо баракчалары менен сыйланышты жана фестивалдарда байгеге жеткен студенттердин фильмдери көрсөтүлдү.

Ошондой эле жыйындын алкагында радио-телевидение жана кино бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү, жаш сүрѳтчү Арстанбек Дукуевдин «Күүгүм» аталышындагы живопистик-сүрѳт кѳргѳзмѳсү ѳттү. Кѳргѳзмѳдѳ сүрѳтчүнүн Кыргызстандын жаратылышынын кооздугун, сулуулугун, айылдын жѳнѳкѳй, ошол эле учурда берекелүү турмушун кѳркѳм табит менен тарткан натюморттук, пейзаждык сүрѳттѳрү орун алды.

Медиа Манас