Кабар жана жарыялар

КТМУ Президент Эрдогандын мактоосуна арзыды

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган үстүбүздөгү жылдын 24-январында Түрк-немис университетинин жаңы имаратынын салтанаттуу ачылыш аземинде Кыргыз-Түрк «Манас» университети жана Хожа Ахмед Ясави атындагы эл аралык Түрк-Казак университеттерине Түркиянын билим берүүдөгү тажрыйбаларын боордош өлкөлөрдө жайылтууда кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Эрдоган: «Жогорку билим берүүдөгү тажрыйбабызды боордош өлкөлөргө жайылтууга терең маани беребиз. Кыргыз-Түрк «Манас» университети жана Хожа Ахмед Ясави атындагы эл аралык Түрк-Казак университети Кыргызстанда жана Казакстанда ишмердүүлүк жүргүзгөн абройлуу окуу жайлар болуп эсептелет»,-деди.

Эске салсак, Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен бирге 2018-жылдын 2-сентябрында КТМУга иш сапары менен келген. Анда ал окуу жайыбыздын жетишкендиктерине кубангандыгын, ФЕТО уюмуна каршы аракетин баалаган.

Ал эми Президент Сооронбай Жээнбеков: «Кыргыз-Түрк «Манас» университети чындыгында эле чоң ийгиликтерди багынтты. Мен муну Түркия Республикасынын Президентине ыраазычылык катары айтышым керек. «Манас» университети боордош эки өлкөнүн кызматташтыгынын эң мыкты үлгүсү жана ийгиликтүү долбоору. Себеби окуу жай Кыргызстандагы алдыңкы билим берүү борбору жана кесипкөй адистерди тарбиялаган мекеме. Мындан тышкары эки мамлекеттин ортосундагы мамилелердин бекемделүүсүнө салым кошуп келүүдө»,-деп айткан.

Медиа Манас