Кабар жана жарыялар

Коронавирустун келип чыгышы жана сактануу жолдору

КОРОНАВИРУС ИНФЕКЦИЯСЫ

 

Коронаровирус : курч жугуштуу вирустук оору. Көбүнчө дем алуу органдары жабыркайт.

Козгогучу : РНКлуу  вирус. Betacoronavirus уруусуна Coronaviridae тукумуна кирет.

Жаратылыштагы резервуары: Белгисиз,  жапайы жаныбарлар болушу мүмкүн (жарганат, жапайы иттер ж.б).

Инфекция булактары (кимден жугат?) : жаныбарлар жана оорулуу адамдар.

Жугуу жолдору: аба аркылуу жугат (оорулуу адам жөтөлгөндө, чүчкүргөндө, сүйлөшкөндө вирусту абага бөлүп чыгарат), чаң аркылуу, кол алышканда.

Жугуу факторлору: Аба, тамак аш азыктары (жашылча-жемиш, эт), үй-тиричилик буюмдары.

Инкубациялык мезгили ( жуккандан оорунун башталышына чейинки жашыруун мезгил): 2 суткадан 14 суткага чейин, көбүнчө 2-7 сутка

Дарылоо: патогенетикалык, симптоматикалык, (башкача айтканда вирусту өлтүрө турган даары жок)

Вирус баардык эле адамга жугушу мүмкүн,  50 жаштан улуу жана өнөкөт ооруулары бар адамдарда оору оор түрдө болот.

Дүйнө жүзүндө  лабораторияда жаңы 2019-nCoV коронавирусу такталган 1438 оорулуу катталган (98%-Кытайда). 42 адам каза болгон (2,9%).

Оорунун белгилери:   - дененин табынын көтөрүлүшү (90% көп оорулууда),

                                   - кургак жөтөл,

                                   - дем алуунун кысылуусу,

                                   - көкүрөктө ооруу

Дартты аныктоо : Эгерде

- Оорунун белгилери пайда болгондон 14 күн мурун Кытай  Эл Республикасына барса же ал жерде жашаса

- 2019-nCoV коронавирусу такталган оорулуу менен контакта болсо,

- 2019-nCoV коронавирусу такталган  оорулуу болгон  ооруканада иштесе же ошондой ооруканага барган болсо коронаровирус ооруусу менен оорушу  мүмкүн.

Алдын алуу:

  • Колду самындап бат-бат жууп туруу же спирт менен сүртүү;
  • Жөтөлгөндө же чүчкүргөндө оозду, мурунду чыканак менен же бир жолу колдонулуучу кагаз бет аарчы менен жабуу;
  • Сасык тумоо же курч респиратордук инфекциялардын белгилери байкалган адамдардан алыс болуу;
  • Эт жана жумурканы жакшылап бышырып колдонуу;
  • Жаратылыштагы жапайы жаныбарларга жана канаттууларга жакындабагыла;
  • Эгерде дене табыңыз көтөрүлүп, жөтөлүп, дем алууңуз кыйындаса, тезинен медициналык жардам алууга кайрылыӊыз.
  • Коомдук жайларда медициналык маска тагынып жүрүү.

Азыркы мезгилде коронавируска каршы эмдөө жок.