Кабар жана жарыялар

Урматтуу КТМУ үйүнүн мүчөлөрү!

Университетте 2016-жылдын 30-сентябрында иштей баштаган элем, бул жуманын аягында кызмат мөөнөтүм аяктап жатат.

Манас бабабыздын жана Сатук Бугра хандын жеринде түрк дүйнөсүнүн алтын көпүрөсү болгон окуу жайыбызга иштеген жылдарда ак дилимден кызмат өтөөгө жана салым кошконго аракет кылдым.

Ата-бабаларыбыздын жерине келип иштегеним үчүн бул жер мага бөтөн жер эмес, тескерисинче мекеним болду.

Сиздер менен бирге иштешип, түрк дүйнөсүнүн чолпон жылдызы болгон окуу жайыбызга кызмат кылганым үчүн дайыма сыймыктанам.

Окуу жайда бир дагы терс көрүнүштөргө күбө болгон жокмун. Мында окуу жайыбызда өкүм сүргөн бейпилдик чөйрөсүнүн салымы абдан зор.

Студенттердин, өзгөчө кыргыз студенттеринин университет ичинде жана сыртында өздөрүн ыймандуу, тартиптүү жана намыскөй алып жүргөндөрүн, улуу-кичүүгө сый-урмат менен мамиле кылгандарын эч унутпайм.

Университетти бүгүнкүдөй абройлуу окуу жайга жеткирген, анда бейпилдик чөйрөсүн түзгөн бул ийгиликке жетишүүгө салым кошкон бардыгыңыздарга чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем.

Көзү өтүп кеткен сүйүктүү агай-эжейибиз Мехбет Башбуг, Мира Жунусова  жана башка кызматкерлер менен студенттерге Алладан ырайым тилейм, ооругандарга ден соолук каалайм.

Түркияда мен эмгектенген Селчук университети жайгашкан Конья шаарында бир кездерде жашаган Мевлананын “Жүрөгү менен сүйгөндөр коштошпойт. Көзү менен сүйгөндөр коштошот” деген сөзүнө ылайык, мен сиздер менен коштошкон жокмун. Алыста болсом дагы, жүрөгүм “Манаста” кала берет.

Мен иштеген жылдарда мага ар тараптан колдоо, көмөк көрсөткөн урматтуу ректорго, биринчи проректорго, проректорго, башкы катчыга, бөлүм башчыларына,

мүдүрлөргө, декандарга, жогорку мектептин мүдүрлөрүнө, окумуштуулар кеңешинин жана башкаруу кеңешинин, комиссиялардын мүчөлөрүнө, факультеттердин/ жогорку мектептердин катчыларына, коопсуздук кызматкерлерине, катчыларга, айдоочуларга, кызматкерлерге, кесиптештериме, аттарын атабай калган бардык кызматкерлерге, студенттерге жана меймандостуктун мыкты үлгүсүн көрсөткөн кыргыз туугандарыма терең ыраазычылыгымды билдирем.

Ортобуздагы биримдигибиз чыңдала берсин, келечекте бүгүнкүдөй ийгиликтер уланып, бейпилдик өкүм сүрө берсин.

Кемчилик кетирсем, кечирип коюңуздар.

Урматтоо менен

проф. Хусейин Өгүт