Кабар жана жарыялар

Ректор Студент тандоо жана жайгаштыруу борборунун жыйналышына катышты

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжы Түркия Республикасынын Студент тандоо жана жайгаштыруу борбору тарабынан уюштурулган “Студент тандоо жана жайгаштыруу борборунун жыйыны - 2020” деген аталыштагы жыйынга катышып келди.

Жыйын сынактагы уюштуруу иштерин алдын ала камсыздоо максатында 07-09-февраль күндѳрү Анталияда ѳтүп,  ага 189 ѳкүл катышты.

Жыйналышта КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы да сѳз сүйлѳп, Студент тандоо жана жайгаштыруу борборунун Кыргыз-Түрк “Манас” университетиндеги ишмердиги тууралуу айтып берди.

Медиа Манас