Кабар жана жарыялар

Студенттер “Жаш медиа өкүлдөрү” конкурсунан биринчиликти алышты

Түркияда 30-жолу “Айдын Доган” фонду тарабынан уюштурулган “Жаш медиа өкүлдөрү” аттуу конкурсунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин радио, телевидение жана киноискусство бөлүмүнүн студенттери чоң жеңишке ээ болушту: Айдана Топчубаева (көркөм жетекчиси ага окутуучу Гульзада Станалиева) "Аяна" аттуу даректүү фильми менен Грани-прини, Темиржан уулу Тыныстан (көркөм жетекчиси Фахри Тархан) "Айт намаз" фотосүрөтү менен 1-орунду, Гулиза Урустамбек кызы "Апокалипсис" фотосүрөтү менен 2-орунду алды.

 Аталган конкурста журналисттик чеберчилик, макала жазуу, аудио жана видео материалдар, реклама, коомчулук менен байланыш жана интернет маалымдоо тармактары боюнча 36 университеттен 486 студент өз эмгектери менен ат салышкан.

30-жолу өтүп жаткан “Айдын Доган” фонду тарабынан уюштурулган “Жаш медиа өкүлдөрү” аттуу конкурсунун жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу аземи 2020-жылдын 4-мартында Стамбулда өтүп, ага университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы жана коммуникация факультетинин деканы Хамза Чакыр, факультеттин окутуучулары Гульзада Станалиева жана Фахри Тархан катышты.

Медиа Манас