Кабар жана жарыялар

Профессор Мехмет Түркмен колдоо сыйлыгына ээ болду

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Улуттук оюндар жана спорт изилдөө-практикалык борборунун төрагасы, профессор Мехмет Түркменге Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы тарабынан «Академиялык кызматкерлерге колдоо кѳрсѳтүү» сыйлыгы берилди.

Аталган сыйлык 2020-жылдын 23-февралында Анталья шаарынын Серик районундагы Белек туризм борборунда уюштурулган Ⅲ Эл аралык Этноспорт форумунда Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Нежметтин Билал Эрдоган тарабынан тапшырылды.

«Улуттук спорт оюндарын жандандыруу» аталышындагы форумга 55 өлкөдөн анын ичинде спорт министрлери, өкмөт мүчөлөрү, федерация өкүлдөрү жана кадырлуу коноктор катышты.

Форумдун ачылыш сөзүн Түркия Республикасынын Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухаррем Касапоглу жана жыйынтыктоочу сөзүн Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын төрагасы Билал Эрдоган сүйлөдү.

Билал Эрдоган ѳз сөзүндө ар бир коомдун өзүнө таандык иденттүүлүгү бар экендигин жана ошол иденттүүлүк аркылуу баалуулукка жетишип жаткандыгын белгилеп: «Улуттук спорттордун жандануусу абдан маанилүү. Балдар бул спорттук оюндарды кайрадан жандандыруусу, маданиятыбызды жана иденттүүлүгүбүздү сактоо терең мааниге ээ»,-деди.

MEDIAMANAS