Кабар жана жарыялар

Бишкекте "Жаңы медиа базалык журналистика окутуусу" башталды

Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин (ТИКА) менен Түркия телерадио компаниясынын (ТРТ) кызматташтыгынын алкагында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде "Жаңы медиа базалык журналистика окутуусу" үстүбүздѳгү жылдын 9-мартында башталды.

Кыргызстандын алдыңкы медиа компаниясынан 32 кабарчы ТРТнын медиа тармагындагы жаңы тажрыйбаларынан пайдалануу максатында окуйт. Курс 9-13-март күндөрү өткөрүлөт жана соңунда сертификат тапшырылат.

ТИКА түрдүү тармакта ар кыл долбоорлорду ишке ашырып келет. Кезектеги долбоору Кыргызстандын медиа өкүлдөрүн жаңы санариптик технологияларды колдонуп иштөөсүн камсыздоо үчүн курс уюштурууда.

Окутууда ТРТ Кабар телеканалынын редактору Огүн Өжек ТРТнын медиа тармагындагы жаңы тажрыйбалары менен тааныштырат. Катышуучулар санариптик медиада креативдүү кабарларды жазуу, журналисттердин социалдык сайттарды колдонуусу, мультимедиа кабарларынын техникасы, Instagram, Facebook жана Twitterде журналисттик практика сыяктуу заманбап техникалар боюнча сабак алышат.

ТИКАнын Бишкек боюнча координатору Али Муслу программа аркылуу санариптик медианын эл аралык журналистика этикасына ылайык түрдө ишке ашыруу боюнча маалымат берүү максатын көздөгөндүгүн айтты.
            Курстун окутуучусу редактор Огүн Өжек жаңы медианын тарыхый өнүгүү этабы жана келечеги боюнча ТРТнын жана дүйнөлүк медиа компанияларынын тажрыйбаларынан мисалдарды берүү менен түшүндүрүү иштерин жүргүзө тургандыгын билдирди.

Курсту ишке ашыруу боюнча жоопкерчиликтүү өкүлү Нуртен Эрдем Кыргызстандын медиа мүчөлөрү менен тажрыйба алмашуу программасы пайдалуу долбоорлордун бири болоорун баса белгиледи.

Курстун катышуучусу Хилола Исакова ТИКА-ТРТ кызматташтыгынын негизинде ишке ашып жаткан курс ар бир журналисттин өзүн өнүктүрүүсү үчүн чоң мүмкүнчүлүк экендигин белгиледи. Ал: «Курсту ар бир журналист үчүн пайдалуу деп эсептейм. Тажрыйбалуу медиа өкүлү болгонуна карабастан өздөрүнө керектүү жаңы маалыматка ээ боло алат. Учурда кабар окуу үчүн булактардын саны көп. Сабактар баштала электе эле сайттын дизайны мазмуну сыяктуу эле мааниге ээ экендигин үйрөндүм»,-деди.

Ал эми журналист Жеңишгүл Тоголокова ар тараптуу кеңири маалыматка ээ болуп жаткандыгын айтып: «Бүгүн биз жаңы маалыматтар менен тааныша баштадык. Мисалы журналисттер негизинен кабарды Googleдан  издешет. Окутуучубуз башка дагы жолдор, усулдар бар экендигин түшүндүрдү. Мен кабар жазгандыктан визуалдык каражаттарды колдонууну жетиштүү деңгээлде билбейм. Сайттагы сүрөт, аны тандоо жана өлчөмү кандай болуусу керектигин үйрөндүк. Мен катышкан курстардын эң мыктысы десем болот. Жагымдуу атмосферада эркин түрдө болуп жатат»,-деди.