Кабар жана жарыялар

Сатук Бугра хан атындагы мечит тууралуу кулактандыруу

Сатук Бугра хан атындагы мечит тууралуу кулактандыруу

 

   Кыргыз Республикасынын коопсуздук кеӊеши жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан кабыл алынган чечимге ылайык,  коронавирус (COVID-19) инфекциясынан сактануу жана алдын алуу максатында, кийинки чечим кабыл алынганга чейин мечитибизде жума намаздарды жамаат менен окууну убактылуу токтотуу каралган.   

   Мечитте намаз убактыларында азан айтылып турат жана Фарз намаздарды ар ким өз алдынча окуй алат. Урматтуу академиялык жана административдик кызматкерлер жана студенттер,  кооптуу жагдай түзүлүп турган учурда мечитке келбей турууӊуздарды өтүнөбүз.

 

               Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректораты