Кабар жана жарыялар

19-март саат 00:00 баштап Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандар киргизилбейт. Виза берүү иштери токтотулду

Коронавирус: 19-март саат 00:00 баштап Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандар киргизилбейт. Виза берүү иштери токтотулду.

«Тышкы миграция жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө» Мыйзамдын 31-беренесине, «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10- жана 17-беренелерине ылайык, буйрукка кол коюлду.

Буйрук төмөнкүлөргө жайылтылбайт:

- эл аралык жүк ташыган айдоочулар;

- учак экипажы;

- поезд бригадасы;

- дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн аккредиттелген жана дайындалган кызматкерлери;

- эл аралык уюмдардын аккредиттелген жана дайындалган кызматкерлери;

- аталган жактардын үй-бүлө мүчөлөрү (ТИМ аркылуу күн мурун маалымдалышы керек);

- «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын Казакстан менен Өзбекстандын аймагындагы темир жолдорунда иштеген (ID паспорт боюнча) кызматкерлери;

- Кыргызстандын жаранынын үй-бүлө мүчөсү болгон чет өлкөлүк же жарандыгы жок жарандар (Кыргызстандын жараны менен туугандык байланышын тастыктаган документ же Кыргызстанда туруктуу жашаган жеринен документ керек).

Тышкы иштер министрлиги чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адамдарга виза берүүнү да токтотту.