Кабар жана жарыялар

COVID-19 менен күрөшүү үчүн жардам

Кыргыз Республикасынын аймагындагы коронавирус илдети менен күрөшүүгө жардам көрсөтүү максатында университетибиздин академиялык жана административдик кызматкерлери өз каражаттарынан бөлүп жалпысынан 134244 (жүз отуз төрт миң эки жүз кырк төрт) сом чогултушту. Чогултулган акча каражат Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында ачылган № 4402011000101373 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги – коронавирус боюнча иш-чаралар» (БИК 440001) администрацияланган эсебине 2020-жылдын 13-апрелинде которулду.

Урматтуу университетибиздин жамааты, кошкон салымдарыңыз үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!

 

Ректорлук