Өзгөчө абал 2020-жылдын 10-майына (10-май кошулат) чейин узартылууда
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда «Кыргыз Республикасынын президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Жарлыкка ылайык, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында өзгөчө абал режими 2020-жылдын 10-майына (10-май кошулат) чейин узартылууда.
Аталган жарлык кол коюлгандан тарта күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бекитүү үчүн жиберилет.