Кабар жана жарыялар

Бишкекте карантин. Эмнелерге уруксат? Эмнелерди кылууга болбойт?

Кыргызстандын айрым калктуу аймактарында  11-майдан (саат 00:00дон) тарта өзгөчө абал аяктайт.

 Бишкек, Ош шаарларына, Нарын облусунун Ат-Башы районуна жана Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна карантин киргизилет.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтуусунда төмөнкүдөй өзгөрүүлөр киргизилет:

Коменданттык саат алынып салынат; Санитардык-эпидемиологиялык талаптарга байланышкан чектөөлөр күчүндө калат;

Аталган аймактарда санитардык-карантиндик посттор орнотулат.

Өткөрмө кагаздар дагы деле колдонулабы?

Жок. Комендатура тарабынан берилген өткөрмө кагаздардын жарамдуулук мөөнөтү 11-майда (саат 00:00) аяктайт.

Шаар ичинде кимдер жүрө алат?

Ишмердүүлүгүнө уруксат берилген уюмдардын кызматкерлери.

Санитардык-карантиндик посттон кантип өтсө болот?

Анын атайын эрежелери иштелип чыккан. Жарандын колунда иштеген жеринен берилген маалымкаты болуш керек, маалымкат салык кызматы тарабынан мөөр менен күбөлөндүрүлүүсү зарыл.  Салык кызматы тарабынан маалымкат алуу үчүн жарандар сөзсүз беткап кийип, кезекке турууда аралыкты сактоосу керек.  

Маалымкат Чүй облусунун аймагында жашап, бирок Бишкек шаарында иштегендер үчүн гана талап кылынат. Бишкекте жашап жана иштегендер үчүн маалымкаттын кереги жок.

Жаңы шарттарда кантип иштөө керек?

Мүмкүн болушунча аралыктан үйдө иштөө сунушталат. Кеңселердеги кызматкерлердин санын колдон келишинче азайтуу, иштеп жаткандардын арасында коопсуздук үчүн аралыкты сактоо зарыл.

Экономиканын иштей баштаган объекттери бардык санитардык эрежелерди сактоого тийиш.

Троллейбус жана автобустар жүрө баштайбы?

Жок, коомдук транспорт азырынча иштебейт.

Азырынча такси кызматына гана уруксат берилген.

Эмне үчүн бул аймактарга карантин киргизилди?

Анткени, эксперттердин жана адистердин маалыматы боюнча бул аймактарда вирусту жугузуу коркунучу жогору бойдон калууда.

Бир облустан экинчи облуска каттаса болобу?

Жок. Аймактар аралык каттамдарга мурдагыдай эле чектөө киргизилген.

Жеке автоунаа менен жүрүүгө болобу?

Болот, бирок өтө зарыл учурда жана жумушка баруу үчүн гана жүрүүгө болот.

Ифтарга адамдарды чогултса болобу? Жалпы иш-чараларга уруксат берилдиби?

Жок. Көп киши катышкан иш-чараларга тыюу салынган. Ифтар үчүн айып салынат.

Карантиндик шарттарда буларды ким жөнгө салат?

Жергиликтүү башкаруу органдары, Бишкекте - борбордун мэриясы.