Кабар жана жарыялар

“Жалгыз эмессиң” тасмасы байгелүү болду

Үстүбүздөгү жылдын 8-май күнү Стамбулда ShortCut Production тарабынан студенттер арасында жаш киночуларга арналган конкурс уюштурулган. Аталган конкурска коммуникация факультетинин бүтүрүүчүсү, магистрант  Асел Шамилова  “Эпидемияда жашоо” аттуу теманын алкагында “Жалгыз эмессиң” аттуу тасмасы менен катышып, экинчи орунга ээ болду.

Сыйлоо аземи кырдаалга байланыштуу онлайн форматта өтүп, тандоо 140 кыска метраждуу тасманын арасында жүргүзүлгөн.

Медиа Манас