Кабар жана жарыялар

Түркиянын Улуттук эгемендик жана балдар күнү белгиленди

2020-жылдын 23-апрелинде Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын 100 жылдыгы жана Улуттук эгемендик жана балдар күнү белгиленди.

Аталган майрамдык программа университеттин жетекчилиги тарабынан уюштурулуп, окутуучулар үйүндө өттү. Ага окутуучулардын балдары кырдаалга жараша COVİD-19 эпидемиясынын эрежелерин сактап, терезеден катышты.

Концерттик программа гимндин жаңырылышы менен башталып, иш-чараны 6-класстын окуучусу Эйлүл Эбру Дөнмез ачып берди. Иш-чарада өспүрүм балдар майрамдык концерт тартуулап, ырлар ырдашты. Андан кийин КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы аралыктан байланышып, балдарды майрамы менен куттуктады.

Ректор куттуктоосунда мындай деди: «Кымбаттуу балдар, урматтуу ата-энелер, Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы жана Улуттук Эгемендүүлүк жана балдар майрамы менен куттуктайм. Келечек муундардын көз карандысыз, эркин жана ар тараптан өнүккөн Түркияда жашашы үчүн жүргүзүлгөн күрөштө улуу лидер Мустафа Кемал Ататүрк келечегибиз балдар, биз балдарыбыздын жаркын келечеги үчүн жакшы шарт түзүп беришибиз керек деген үмүт менен бүгүнкү күндү балдарга белек кылган. Ошондуктан балдар силер биздин келечегибизсиңер. Келечегиңер жаркын болсун! Түркия Республикасынын мамлекеттүүлүгү түбөлүк болсун! Майрамыңар кут болсун!», - деди.

Андан кийин балдарга атайын ректордун белектери берилди.

Иш-чара Манас фм радиосунунун толкунуда жаңырды.

Эсиңиздерге сала кетсек, бүгүн радионун кечки программасында кыргыз элине Түркия Республикасынын Президенттик Аппараты тарабынан жарыяланган «Жети дөбөнүн шаарынан жети континентке» аттуу концерти жаңырмакчы.

 

Медиа Манас