Кабар жана жарыялар

Студенттер мекенине кайтышты

Коронавирус пандемиясынан улам жаралган кырдаалга байланыштуу Кыргызстандан Түркияга кайтууну каалаган студенттердин талабы ишке ашты.

Дүйнөдө жаралган пандемия кырдаалына карата өлкөдө март айынын соңунан баштап карантин киргизилген. Ошондон улам ЖОЖдордо билим берүү дистанттык окутууга өткөн. Кырдаллга ылайык мекенине кайтууну каалаган студенттердин талабы Кыргыз-Түрк «Манас» университети тарабынан Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Элчилигине жана Түркиянын Тышкы иштер министрлигине билдирилген. Демилге ишке ашып,  Түркиялык студенттер 21-апрель күнү өлкөсүнө кайтышты.

Студенттерден тышкары Ош жана Жалал-Абадда жашаган мекендештер да чогулган. Кампуста аралыкты сактоого өзгөчө көңүл бурулду. Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн Бишкек шаарындагы Ахыска түрктөрү коомунун атынан маска таратылды жана университет тарабынан жол азыктар менен камсыздалды. Аэропортко бет алган автобустарды элчиликтин өкүлдөрү коштоп барды. Ал эми Манас FM радиосунда өлкөсүнө кайтып жаткандар үчүн атайын программа уюштурулду.

Түркияга кайткан жарандардын арасында Чолпон-Ата шаарындагы лагерде Түркия Атлетика Федерациясындагы спортчулар да болду.

Медиа Манас