Кабар жана жарыялар

Ректор ‘Yeni Akit’ газетасынын окурмандарына окуу жай тууралуу айтып берди

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжы Түркияда чыккан ‘Yeni Akit’ газетасынын «Pazartesi sohbetleri» рубрикасына маек куруп, гезиттин окурмандарына университет тууралуу айтып берди.

 Маекти аталган гезиттин кабарчысы Фатма Гүлшен Кочак алып барды жана ал үстүбүздѳгү жылдын  1-июнь күнү жарыяланды.

Кабарчы Фатма Гүлшен Кочактын репортажында: «Түркия чет өлкөгө инвестиция салуу менен тарыхтагы эң маанилүү кадамдарын таштап жатат. ФЕТО жана улуттук эмес оппозиция баш болгон душмандардын башын айлантууда. Өзгөчө ФЕТОнун Түрк дүйнөсүнө багытталган саясатын ишке ашыра албай, Түркиянын мамлекет катары өнүгүп жаткандыгына кубанган жок. Түрк дүйнөсүндө ФЕТОго каршы күрөш билим берүү тармагында гүлдөп өсүү болуп саналат. Мына ушул максатты ишке ашырууга салым кошуп жаткан Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжы мырза менен окуу жайдын ийгиликтери, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер жөнүндө пикир алыштык», - деп айтылат.

Ал эми ректор Себахаттин Балжы ѳз сѳзүндѳ Кыргыз-Түрк “Манас университетинин миссиясы  - билим берүүнүн эталонуна айлануу, эл аралык абройлуу университет статусуна ээ болуу,  Түрк дүйнөсүнүн ынтымагын бекемдөө жана дүйнөлүк илимге салым кошуу экендигин баса белгиледи.

Медиа Манас