Кабар жана жарыялар

Бириккен академиялык жалпы жыйын онлайн өттү

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде 20-май күнү «2019-2020-окуу жылындагы Бириккен академиялык жалпы жыйын» жана «Шейх Эдебалини эскерүү» программасы онлайн түрдө өттү.

Программаны университеттин телерадиоберүү башкармалыгынын мүдүрү Бүлент Намал алып барды.

Онлайн  программа эки өлкөнүн улуттук гимндеринин жаңыруусу менен башталды жана  теология факультетинин деканы, профессор Мустафа Көйлүнүн «Ислам ойчулу Шейх Эдебалинин өмүрү жана сабактары» деген темада баяндама жасады.

Бириккен жалпы жыйында алгачкы сөздү окуу жайдын  ректору, профессор Себахаттин Балжы сүйлөдү.

Ошондой эле университеттин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев жыйындын катышуучуларына окуу жайдагы академиялык жана административдик жааттагы өсүштөр тууралуу маалымат берди.

Ал эми башкы катчы Зия Арпалы окуу жайыбыздын мүчөлөрү тарабынан COVID-19 процесси алкагында көрсөтүлгөн материалдык жардамдар тууралуу билдирүү жасады.

Жыйында университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы 2019-2020-окуу жылынын күзгү жана жазгы семестри, дистанттык окутууга өтүү, санариптештирүү иштерине баа берди.

Андан кийин окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору, профессор Анварбек Мокеев, проректор, профессор Исмаил Шен жана Студент тандоо жана жайгаштыруу борборунун төрагасы (ÖSYM), профессор Күршад Йылмаз сөз сүйлөдү.

Бириккен академиялык жалпы жыйын каалоо-тилектерди айтуу менен жыйынтыкталды.

 

Медиа Манас