Кабар жана жарыялар

Манаста 19-майга арналган ырлар жаңырды

КТМУда 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамы онлайн режиминде белгиленди.

Программада дене тарбия жана спорт жогорку мектебинин мүдүрү, профессор Канат Жанузаков, университеттин ректору, профессор Себахаттин Балжы жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Ошондой эле Кыргызстандын спорт чебери, грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Уран Калилов жана дене тарбия жана спорт жогорку мектебинин студенти Диана Исакова жалпы жаштардын атынан куттуктоолорун билдиришти. Андан кийин 19-май Ататүрктү эскерүү, жаштар жана спорт майрамына арналган “19-май руху” аталышында көркөм ырлар окулду.

Белгилей кетсек программа дене тарбия жана спорт жогорку мектеби тарабынан Google Meet программасы аркылуу уюштурулуп, көркөм өнөр факультети жана MEDIAMANAS борбору тарабынан даярдалган видео-концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Медиа Манас