Кабар жана жарыялар

Салттуу оюндар жана спорт изилдөө борбору онлайн отурум уюштурду

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Салттуу оюндар жана спорт изилдөө борбору тарабынан эл аралык деңгээлдеги онлайн пленардык отурум уюштурулду.

Отурумга Сорбон, Индиана, Вашингтон, Айова, Ла Сапиенц Рим университеттери, Колорадо Спрингс, Кёлнь Спорт академиясынан илимпоз-окумуштуулары катышты. 

Аталган пленардык отурум 2020-жылдын 11-майында Салттуу оюндар жана спорт изилдөө борборунун төрагасы, профессор Мехмет Түркмендин «Салттуу оюндар жана спорттун түрлѳрүн мектептерде ишке ашыруу» деп аталган макаласынын алкагында өткөн.   

Ага Пакистан Ислам Республикасынын Спорт министри Фехмида Мирза да катышты.

GOSAMдын Facebookтагы баракчасында түз эфирде көрсөтүлгөн пленардык отурумда 6 саат бою салттуу оюн жана спорт тууралуу 18 катышуучу сүйлөп, КТМУнун  Салттуу оюндар жана спорт изилдөө борбору тарабынан ѳткѳн иш-чарага ыраазычылык айтып, ай сайын уюштуруу сунушун билдиришти.

GOSAM Түрк элдеринин салттуу спорт оюндарын жайылтуу жана илимий изилдөө иштерин жүргүзүү максаттарын ишке ашырып келе жатат.

 

Медиа Манас