Кабар жана жарыялар

Ректор ТРТда онлайн окутуунун жүрүшү тууралуу маек курду

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Себахаттин Балжы үстүбүздѳгү жылдын 13-майында ТРТ AVAZ телеканалынын «Каректе Евразия» берүүсүнүн коногу болду. Анда ректор короновирус пандемиясынан улам жаралган кырдаалда КТМУнун Кыргызстанга кошкон салымы жөнүндө маек курду.

 Көрсөтүү Медиа Манас борборунун Манас Фм радиосунан жана IP телеберүү аркылуу синхрондуу түрдө көрсөтүлдү.

 

Профессор Себахаттин Балжы: Албетте, алгач онлайн окутуунун жүрүшүнѳ ыңгайлаштырып атайын системаны түзгөн адис-кызматкерибизди жана окуу жайдын жетекчилери менен студенттерин куттуктайм.

Модератор: Урматтуу ректор, учурда бардык уюмдар чоң сыноодон өтүп жатышат. Бул процессте Кыргыз-Түрк «Манас» университети дароо онлайн окутуу системасын киргизип, кырдаалды жөнгө сала алды. Эфирден мурда «Биздин жасаган иштерибиз Кыргызстанда үлгү болду» деп айттыңыз. Ушул боюнча кененирээк айтып берсеңиз.

Профессор Себахаттин Балжы: Университет аралыктан окууну үзгүлтүккө учуратпай, замандын талабына жараша кырдаалды жөнгө сала алды. Бул жаатта окуу жайдын адистери тарабынан иштелип чыккан система ыңгайлуулук жаратып, жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берди.

Албетте, экзамендерди эске алганда окуу жылын 30-июнда ийгиликтүү түрдө аяктайбыз. Кыргызстанда дистанттык окутууга өтүүдө башталгыч жана орто класстарда маселелер жаралды. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим  министрлигинин биздин окуу жайга койгон талаптарынын алкагында ТРТнын колдоосу менен жасалган Медиа Манас борборунун заманбап студиясында табигый илимдер боюнча 100дөн ашык сабактар тартылды. Учурда ЭЛТР телеканалында көрсөтүлүүдө. Ошондой эле  мүмкүнчүлүгү чектелген мекендештердин да сабактары тартылды. Кыргыз Республикасынын Маалымат, маданият жана туризм министрлиги менен биргеликте 5 роллик тартып, аларды дароо элдин назарына сунуштадык. Биздин бул иштерибиз Кыргызстанда үлгү болчу иштер десек жаңылышпайбыз.

Кыргыз-Түрк «Манас» университети мындан кийин эски методдорду кайталабастан, жогорку билим берүүдө жаңы ыкмаларды сунуштап, мезгилге, мейкиндикке карабастан бардык жерде билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгѳ аракет кылабыз.

Албетте, муну менен катар коомго кызмат кылуу жана колдоо көрсөтүү боюнча иш-чараларыбыз да бар. Пандемиядагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн алгач кампуста окуу жайдагы маселелерди кароо, андан кийин коомго жардам иш-чараларын улантып жатабыз. Мисалы. азыркы учурда Түркиянын жасап жаткан иш-аракеттерине да салым кошуу аракетиндебиз. «Эл элге жетет» акциясына да университет активдүү катышты. Ошондой эле окуу жайдын атынан Элазыгдагы жер титирөөдөн жапа чеккендерге жана Кыргызстанда 1000ден ашуун муктаж болгон үй-бүлөлөргө жардам кѳрсѳттүк.

Модератор: Урматтуу Себахаттин мырза, эфирге келгениңиз үчүн терең ыраазычылык билдирем. «Окуу жайларда көп нерсе алмашат» деп сиз айтып кеткендей бул абалдан кийин жакшы тарапка өзгөрүүлөр болоруна ишенебиз.

Себахаттин Балжы: Ушундай мүмкүнчүлүк бергениңиздерге мен дагы ыраазычылык билдирем.

 

Медиа Манас