Кабар жана жарыялар

КТМУда окутуу аралыктан өтүп жатат

Дүйнөнү дүрбөлөңгө салган пандемиянын кырдаалына байланыштуу өлкөдө киргизилген чектөөлөрдүн негизинде окуу жайыбыз билим жана таалим тарбия берүү милдетин аралыктан окутуу менен улантып жатат. Мындай кадам илдеттин жайылуусуна жол бербөө үчүн Өзгөчө кырдаалды киргизүүдөн улам жасалууда.

Мындан улам окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы университеттин студенттери жана окутуучуларына интернет аркылуу кайрылуу жасап, маалыматтары менен бөлүштү.

Бул тууралуу ректор Себахаттин Балжы MEDIAMANAS борборуна берген интервьюсунда бүгүнкү күндө дүйнө жүзүн каптаган таажылуу вирустан кутулуу максатында бардык өлкөлөр вирусту изилдөө этабында экенин, ошонун негизинде окутуу борборлоруна убактылуу тыныгуу берилгенин белгилеп өттү.

Окуу жайдын ректору, профессор Себахаттин Балжы өз сөзүндө мындай деди:

“Түзүлгөн кырдаал университеттин ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизген жок. Себеби университет жаңылануу, жаңы технологияларды өздөштүрүү жана аларды пайдалана билүү аракетинин арты менен окуу процессин жаңыча уюштуруп, окуу контентин жаңы системага салууга шарт түзүп келген. Өз учурунда буга чейин аралыктан окутууга шарт түзүү үчүн MEDIAMANAS борборунда технологияларды заманбапташтыруу жана лабороторияларга бир топ инвестиция кылганбыз, эми азыр ошолорду колдонуудабыз.

Университет аралыктан окууну үзгүлтүккө учуратпай, замандын талабына жараша кырдаалды жөнгө сала алды. Бул жаатта окуу жайдын адистери тарабынан иштелип чыккан система ыңгайлуулук жаратып, жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берди. Маселен, буга чейин окутуучулар менен студенттерибиздин орточо 75%ы аралыктан окутуу боюнча тажрыйбалары жок эле. 23-марттан тарта сабактар аралыктан өтүлүп, окутуучуларыбыз сабактарын онлайн режиминде өтүп башташты. Студенттерибиздин да өзгөчө дилгирлик жана тырышчаактыкта окууну улантып жатышканын жогору баалайбыз. Ушундай кыйын кырдаалда КТМУ өзүнүн мыкты кызматкерлери жана заманбап технологиялык жабдуулар менен камсыздалгандыгынын натыйжасында эч кандай маселе жаралбаганы менен мыкты окуу жай экенин  дагы бир жолу дадилдей алды десек жаңылышпайбыз.”  

Медиа Манас