Кабар жана жарыялар

Конференция Юнус Эмрени эскерүүгѳ арналды

Түрк цивилизациясын изилдөө борбору тарабынан «Юнус Эмренин чыгармаларындагы кайгы жана үмүт» аталышында илимий онлайн конференция ѳткѳрүлдү.

Орто кылымда жашап өткөн улуу ойчул жана дин аалымы Юнус Эмренин 700 жылдыгын эскерүү ЮНЕСКОнун 2020-2021-жылындагы программасына киргизилген. Анын алкагында үстүбүздөгү жылдын 15-майында КТМУнун гуманитардык факультетинин философия бөлүмүнүн окутуучусу, профессор Вефа Ташделен онлайн конференция уюштурду.

Ага окуу жайыбыздын Түрк цивилизациясын изилдөө борборунун төрагасы, ректор профессор Себахаттин Балжы, проректор, профессор Анварбек Мокеев жана Юнус Эмренин чыгармачылыгына кызыккан Кыргызстан, Түркия, Америка жана Европадагы ЖОЖдордун ѳкүлдѳрү катышты.

Онлайн конференция Түрк цивилизациясын изилдөө борборунун орун басары, доцент Женгиз Буйардын  улуу ойчул Юнус Эмре жана анын чыгармачылыгы туурасында жасаган баяндамасы менен башталды. Андан кийин КТМУнун ректору, профессор Себахаттин Балжы ѳз сѳзүндѳ:

«Бизге берилген өмүрдө жакшылыктар жана ырыскы бар. Кайгы ушул жерде башталат. Акырет күнүндө Жараткандын мээримине бөлөнгөндөрдөн болобузбу же зыян тарткандардан болобузбу, бул нерсени Юнус Эмре бир нече чыгармасында кыска өмүрдө жасаган иштерибиз менен түбөлүктүү жакшылыктарга жетүү мүмкүнчүлүгү бар экендигин баса белгилеп кеткен. Ал Кудайдын сүйүүсүнө арзыган, ал бардык жаратылыш жана жалпы жандыктарды Кудай жараткандыгы үчүн сүйөм", - деп жар салып, "жер шарындагы бүткүл адамзатка бирдей мамиле жасаарын" даңазалаган карапайым дербиш болгон»,-деди.

Андан  соң проректор, профессор Анварбек Мокеев: «Юнус Эмренин философиясындагы адам дүйнөдөн өткөндөн кийин Кудайга жолугуу ою анын адамзатка берген эң чоң үмүтү», - деп кошумчалады.

Конференциянын соңунда катышуучулар кызыктырган суроолорун берип, ѳз ой-пикирлерин билдиришти.

 

Медиа Манас