Кабар жана жарыялар

Онлайн-конференция: “Түрк элдеринин мамлекетти башкаруу салты жана Тон- Йокук”

Үстүбүздѳгү жылдын 21-майында “Түрк элдеринин мамлекетти башкаруу салты жана Тон- Йокук” деген темада онлайн конференция болуп ѳттү. Конференция КТМУнун Түрк цивилизациясын изилдөө борбору тарабынан даярдалды.

Аталган илимий конференция 8-кылымдагы Чыгыш-Түрк каганатындагы колбашчы Тон-йокука жазууларына арналды. Анда Йедитепе университетинин табигый жана гуманитардык илимдер факультетинин тарых бөлүмүнүн башчысы, профессор Ахмет Ташагыл сөз сүйлөдү.

Ѳткѳрүлгѳн конференция боюнча КТМУнун ректору жана Түрк цивилизациясын изилдөө борборунун төрагасы, профессор Себахаттин Балжы оюн мындайча билдирди:

«Түрк элдеринин дүйнө тарыхындагы орду, тарыхы, маданияты жана дүйнѳ цивилизациясына кошкон салымы эбегейсиз. Адистигим боюнча математик болсом да, тарыхты бала кезимден билүүгѳ аябай кызыктым. Мен белгилүү жазуучулардын жазган жомоктор, баатырдык эпостор, аңгеме-романдары жана тарыхый китептеринен билим алууга аракет кылдым. Маселен, Нихал Атсыздын «Карышкырлардын өлүмү» романын 11, ал эми Билге кагандын эстеликтерде калган жазмаларын 13-14 жашымда окугам. Ошол кезде ушундай зор тарыхты башынан ѳткѳргѳн ата-бабалардын урпактарынан болуу чоң жоопкерчилик экенин сезип, түшүндүм.

Маселен, дүйнѳлүк тарыхта беш миңдик тарыхыбызда беш улутту атай турган болсок, анын бири – түрк эли. Биздин милдетибиз - тарыхыбызды изилдей турган жаштарга шарт түзүп, колдоо кѳрсѳтүү. Окуу жайыбыз да алдыга койгон максаттарын ишке ашырып келе жатат. Түрк цивилизациясын изилдөө борборунун төрагалыгын ректор болгондон бери аркалап келем. Акыркы 10 жыл ичинде бир топ иштерди жасадык. Бул жаатта «Манас» эпосунун сюжеттик-тематикалык көрсөткүчү эбегейсиз салым кошоруна ишенем. Аталган борбордун жасаган иштери ийгиликтүү болсун.».

Профессор Ахмет Ташагылдын катышуусу менен өткөн онлайн-конференциянын соңу катышуучулардын ыраазычылык билдирүүсү менен жыйынтыкталды.

 

Медиа Манас