Кабар жана жарыялар

Билим берүү министрлиги Медиа Манаска ыраазычылык билдирди

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан дистанттык билим берүүнүн алкагында телесабактарды уюштуруудагы кѳрсѳткѳн кѳмѳгү үчүн Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Радио жана телеберүү башкармаалыгынын (“Медиа Манас” борбору) кызматкерлерине ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Аталган иш-чара үстүбүздөгү жылдын 28-майында КРнын Билим берүү жана илим министрлигинде өтүп, ага биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев жана Алишер Ибрагимов катышты.

Министр Каныбек Исаков COVID-19 пандемиясы мезгилинде Кыргызстандагы өзгөчө абалга карабастан, Билим берүү жана илим министрлигине жардам колун сунуп, телесабактарды тартууга кѳмѳк кѳрсѳткѳндүгү үчүн КТМУнун жалпы жамаатына ыракматын айтып, окуу жайыбыздын ректору, профессор Себахаттин Балжы, биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев, “Медиа Манас” борборунун директору Бүлент Намал, эфирдик адис Алишер Ибрагимов, оператор Ярослав Калиновский, эфирдик кызматкер Аслы Эртугрул Анбазова, үн оператору Денис Бурдаков, техникалык кызматкер Мустафа Өзтүрк жана практикант Эржан Өзкаяга ыраазычылык баракчаларын тапшырды.  

Эске салсак, коронавирус пандемиясы мезгилинде Кыргызстандын улуттук телеканалдарында кѳрсѳтүлгѳн телепрограмма жана роликтер КТМУнун “Медиа Манас” борборнда тартылган. Мындан тышкары КРнын Билим берүү жана илим министрлиги үчүн дистанттык билим берүүнүн алкагында орто мектептин окуучуларына 114, мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн 197, мугалимдер үчүн 4 телесабактар, ошондой эле КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балдарга COVID-19 вирусу боюнча маалымат берүү максатында 5 коомдук ролиги, КРнын Саламаттык сактоо министрлигине 3 телепрограмма тартылган.

Медиа Манас