Кабар жана жарыялар

Саламаттык сактоо министрлигинен ыраазычылык

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин атынан COVID-19 пандемиясы мезгилинде телепрограммаларды тартуудагы кѳрсѳткѳн кѳмѳгү үчүн Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Радио жана телеберүү башкармалыгынын («Медиа Манас» борбору) жамаатына ыраазычылык каты тапшырылды.

Аталган министрликтин ѳкүлдѳрү үстүбүздѳгү жылдын 15-июнунда “Медиа Манас” борборунун мүдүрү Бюлент Намалга министр Сабиржан Абдикаримовдун атынан ыраазычылык баракчасын тапшырышты. Ыраазычылык катында министр “Медиа Манас” борборунун кызматкерлеринин профессионалдуулугуна баа берип, жамаатка ийгилик каалаган.

Эске салсак, «Медиа Манас» борборунун чыгармачылык тобу КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигине коомчулукка COVID-19 жѳнүндѳ маалымат берүү үчүн 3 телекѳрсѳтүү даярдап беришти. Даярдалган телепрограммалар Кыргызстандын улуттук телеканалдарында кѳрсѳтүлдү.

Мындан тышкары КРнын Билим берүү жана илим министрлиги үчүн дистанттык билим берүүнүн алкагында орто мектептин окуучуларына 114, мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн 197, мугалимдер үчүн 4 телесабактар, ошондой эле КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балдарга COVID-19 вирусу боюнча маалымат берүү максатында 5 коомдук ролиги тартылган.

Медиа Манас