Кабар жана жарыялар

Окутуучулар менен студенттерге аралыктан окутууда зарыл болгон минималдык технологиялык жабдуулар

РЕКТОРАТ

Номер : R.30.2020-090

Бишкек

Темасы : Комиссиянын чечими    

21/ 07/ 2020

                                            

БАРДЫК АКАДЕМИЯЛЫК ТҮЗҮМДӨРГӨ

Университеттин Окумуштуулар кеңешинин 2020-жылдын 24-июнундагы 2020-13.048-номерлүү чечиминин 13-беренесине ылайык:

  1. Санариптик технологияларды изилдөө жана аларды колдонуу комиссиясы тарабынан окутуучулар менен студенттерге аралыктан окутууда зарыл болгон минималдык технологиялык жабдуулардын тизмелерин иштеп чыгуу, бул тизмелерди ректораттын макулдугунан соң 2020-жылдын 17-июлуна чейин жарыялоо; академиялык кызматкерлердин жана студенттердин өздөрүнүн эсебинен бул жабдуулар менен камсыз болушун уюштуруу.

Жогорудагы чечими боюнча, университеттин санариптик технологияларды изилдөө жана аларды колдонуу комиссиясы тарабынан окутуучулар менен студенттерге аралыктан окутууда зарыл болгон минималдык технологиялык жабдуулар аныкталып, ректоратка кароого сунушталган.

Комиссиянын сунушу ректорат тарабынан туура деп табылып, 2020-2021-окуу жылынын күзгү семестринде аралыктан окутуу ыкмасы колдонула тургандыгы эске алынып, тиркемеде окутуучулар жана студенттер үчүн өз-өзүнчө көрсөтүлгөн технологиялык жабдууларга тиешелүү маалыматтарды бөлүмүңүздөгү окутуучуларга жана студенттерге билдирүүңүздү жана 2020-жылдын 14-сентябрына чейин тиешелүү чараларды көрүүңүздөрдү өтүнөбүз.

/колу/

проф. Асылбек Кулмырзаев

Биринчи проректор

/колу/

проф. Себахаттин Балжы

Ректор

 

 

ТИРКЕМЕ: - Технологиялык жабдууларга тиешелүү маалыматтар

 

ТАРАТЫЛСЫН:

Аткарылсын:

- Бардык академиялык түзүмдөр  

Маалымдалсын:

- Маалыматтык технологиялар башкармалыгы

- Студенттик иштер башкармалыгы

                                                        

Аралыктан окутууда зарыл болгон минималдык технологиялык жабдуулардын конфигурациясы

(СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН)

  1. Финансылык мүмкүнчүлүгү бар жана сабактан натыйжалуу жыйынтык алгысы келген студенттерге алгачкы этапта сөзсүз түрдө SSD катуу дискине ээ ноутбукту колдонуу сунушталат. Студенттер жардамчы жабдуу катары планшетти же уюлдук телефонду колдоно алышат.
  2. Математика жана физика боюнча сабактар үчүн кошумча жабдуу катары графикалык планшет колдонулушу мүмкүн. Биринчи кезекте Asus, Samsung, Dell маркасындагы, андан кийин мүмкүнчүлүккө жараша Lenovo, Acer маркасындагы компьютерлерге жана планшеттерге артыкчылык берилет.
  3. Математикалык, техникалык жана графикалык операцияларды аткаруу үчүн төмөндө көрсөтүлгөн конфигурацияларга ээ, CPU жана RAM кубаттуулугу кеминде 2-3 эсе көп болгон технологиялык жабдууларды колдонуу керек.

* Уюлдук телефон жана планшет үчүн минималдуу талаптар: Samsung, LG, Huawei, Xiaomi маркасындагыларга артыкчылык берилиши керек.

 

Конфигурация

Ноутбук

Уюлдук телефон*

Планшет*

OS

Windows 10

Android 8.1 Oreo

Android 8.1 Oreo

Cpu

Intel Pentium Quad Core N3710 же ага окшош

Snapdragon 425 1.4 ghz же ага окшош

1.8 Ghz жана андан жогору

Core

4

8

8

Ram

4 GB

2 GB

2 GB

SDD

120 GB

16 GB

16 GB

Экран

15.6"

5.5"

10.1"

Алдыңкы камера

HD

5 mpx

5 mpx

Арткы камера

-

5 mpx

5 mpx

Пиксель мүмкүнчүлүгү

1366 x 768

1440 x 720

1280 x 800

Wi-Fi

Wi-Fi 802.11 b/g/n

Wi-Fi 802.11 b/g/n

Wi-Fi 802.11 b/g/n

Интернет

Wi-Fi

4G

4G

Колдонула турган программалар

Ноутбук

Уюлдук телефон*

Планшет*

Chrome

x

x

x

Online Office

x

x

x

Android программалары

 

x

x

4G интернет

+ USB MODEM

x

x

Google Office

x

x

x

Drive

x

x

x

Offline Desktop MS Office

x

x

x

Offline Web Office

x

x

x

Windows

x

 

 

Программалардын пакети (1C, SPSS, Autocad ж.б.)

x

 

 

 

 

Аралыктан окутууда зарыл болгон минималдык технологиялык жабдуулардын конфигурациясы

(ОКУТУУЧУЛАР ҮЧҮН)

  1. Биринчи кезекте Asus, Dell, Samsung маркасындагы, андан кийин мүмкүнчүлүккө жараша Lenovo, Acer маркасындагы ноутбук жана ультрабутарга артыкчылык берилиши керек.
  2. Математика жана физика сабактары үчүн кошумча жабдуу катары графикалык планшет колдонулушу мүмкүн.
  3. Математикалык, техникалык жана графикалык операцияларды аткаруу үчүн төмөндө көрсөтүлгөн конфигурацияларга ээ, CPU жана RAM кубаттуулугу кеминде 2-3 эсе көп болгон технологиялык жабдууларды колдонуу керек.

Конфигурация

Ноутбук

OS

Windows 10

Cpu

Intel Pentium Quad Core N3710 же ага окшош

Core

4

Ram

4 GB

SDD

120 GB

Экран

15.6"

Камера

HD

Пиксель мүмкүнчүлүгү

1366 x 768

Wi-Fi

Wi-Fi 802.11 b/g/n