Кабар жана жарыялар

Кыргызстанда Улуттук аза күтүү күнү

     Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, 30-июль Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялаган. Бул күнү коронавирус илдетинен каза болгондор эскерилет.

     Буга байланыштуу бүгүн, университеттеги мамлекеттик желектер түшүрүлдү. Улуттук аза күтүү күнүнө карата “Манас“ радиосу программасын өзгөрттү.

     Адамзатты кыйын күндөргө кептеген оорудан тезирээк сакайып, баш көтөрөлү! Илдеттин курманы болгон маркумдарга Аллах бейишинен орун берсин. Каза болгондордун жакындарына жана үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз!

                          Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректорлугу